7-ноябрда президент Садыр Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кант шаарынын жана Ысык-Ата районунун тургундары менен жолугушту. Жолугушууда жарандар турак жай, жер тилкелери, социалдык инфраструктура жана жеке көйгөйлөрү боюнча кайрылышты. Иш-чара ачык диалог форматында өтүп, тургундар мамлекет башчысына өздөрүн түйшөлткөн маселелерди түз айтууга мүмкүнчүлүк алышты.

Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү жер жана мүлк талаштарына, мамлекеттик ипотекалык программа аркылуу турак жай алууга, социалдык объектилерди курууга жана оңдоого байланыштуу болду. Ошондой эле билим берүү, спорт инфраструктурасы жана райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча маселелер көтөрүлдү.

Жарандар жеке көйгөйлөрү менен да кайрылышты
Кант шаарынын тургуну Наталья Ташматова коррупцияга байланыштуу айып менен бир жылдан бери камакта жаткан уулуна ырайым берүүнү өтүндү. Анын айтымында, уулунун төрт баласы бар. Президент ырайым берүү боюнча арыз жазууну сунуштап, маселе кылмыштын жагдайларына жараша караларын билдирди.
Ошондой эле ал кичүү кызына мамлекеттик ипотекалык программа аркылуу бир бөлмөлүү батир алууга көмөк көрсөтүүнү суранды. Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компанияга кайрылууну сунуштады.
Көрүүсү боюнча I топтогу майыптыгы бар Жеңишбек Бекмуратов Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомундагы укуктары бузулганын айтып, маселени чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү. Анын билдиришинче, президентке мурда кайрылгандан кийин коомдогу төрагалык кызматынан жана мүчөлүктөн чыгарылган. Мамлекет башчысы бул маселени карап чыгууга убада берди.
Ал эми Нуржан Эгембердиева Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуу миссиясына катышып жүрүп каза болгон жолдошу Бакытбек Эгембердиевдин өлүмүн кызматтык милдетин аткаруу учурунда болгон деп таануу маселесин көтөрдү.
Жолугушууда Ички иштер министрлигинин өкүлү анын акыркы миссияга тиешелүү уруксатсыз кеткенин билдирген. Жубайы бул жүйөгө макул болбой, жолдошунун ишине байланыштуу документтерди кайра текшерүүнү суранды. Президент эки тараптын жүйөлөрүн жана документтерин текшерүүнү администрациясына тапшырды.

Жер маселелерин эки жыл ичинде чечүү тапшырмасы берилди
Президент Садыр Жапаров мындай жолугушууларда түшкөн кайрылуулардын 90 пайызга жакыны жер тилкелерине байланыштуу экенин белгиледи.
Анын айтымында, көптөгөн жарандар мурда жасалма документтер аркылуу жер сатып алып, алдамчылыкка кабылышкан. Натыйжада алар жер тилкелерине болгон укуктарын мыйзамдуу түрдө тариздей албай келишет.
Мамлекет башчысы Президенттин администрациясына тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте топтолгон маселелерди эки жылдын ичинде чечүү боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

Ар бир кайрылуу мыйзам чегинде каралат
Жолугушуунун жыйынтыгында Садыр Жапаров мамлекеттик органдарга жарандардын кайрылууларына кылдат мамиле жасап, ар бир маселени мыйзам чегинде кароону тапшырды.
Жолугушууда жер жана турак жай маселелеринен тышкары, социалдык коргоо, жарандардын укуктары жана мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги боюнча да көйгөйлөр айтылды.
Даярдаган: Венера Шонкоева