Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылынын жергиликтүү депутаттары 19- февраль күнү Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов менен жолугуп көптөгөн маселелер талкууланды.

Жолугушууга Суусамыр айылдык кеңешинин депутаттары Иманкулов Расул, Урматбек уулу Тынчтык жана Жаныбеков Нуркан катышты. Анда айыл эли үчүн маанилүү болгон төмөнкү көйгөйлөр көтөрүлдү:
1. Суусамыр–Арал унаа жолу
2. Жайыт маселеси
3. Ветеринардык көзөмөл
4. Спорт комплекс куруу
5. Таштанды таштоочу жай
6. Электр энергиясына коюлган лимит
7. Кожомкул айылына бала бакча куруу
Жолугушуунун жыйынтыгында 2026-жылы ишке ашырыла турган долбоорлордун тизмеси такталды. Ага ылайык, Суусамыр–Арал жолунун 30 чакырымы оңдолуп, калган бөлүгү этап-этабы менен бүткөрүлөт. Ошондой эле Ой-Кайың жайлоосуна малчылар өтүүчү көпүрө курулуп, Кожомкул айылына жаңы бала бакча салынары белгиленди.
Тараптар көтөрүлгөн маселелерди этап-этабы менен чечүү боюнча макулдашууга келишти.
Даярдаган : Айтурган Кубанычбековна