Бүгүн Бишкекте медиа жана маалыматтык сабаттуулукту өнүктүрүүгө, кастык тилге каршы турууга жана онлайн-модерация механизмдерин жакшыртууга багытталган Улуттук коалициялык форум өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, медиа уюмдардын, эксперттик чөйрөнүн, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Форум ЮНЕСКО жана ПРООН тарабынан «Улуттук потенциалды тынчтык куруу жана жарандык коомду тартуу» долбоорунун алкагында, БУУнун Тынчтык куруу фондунун колдоосу менен уюштурулду.
Форумдун негизги багыттары
Иш-чаранын катышуучулары төмөнкү маселелерди талкуулады:
• Санариптик мейкиндиктеги заманбап чакырыктар жана коомдук ишенимге тийгизген таасири;
• Онлайн-дезинформация жана кастык тилдин жайылышы;
• Мамлекеттик кызматкерлер жана калк үчүн медиа жана маалыматтык сабаттуулукту өркүндөтүү;
• Санариптик агрессиянын коркунучтарын азайтууда онлайн-модерациянын ролу;
• МИГти жайылтууда жергиликтүү ийгиликтүү практикалар.

Кириш сөз сүйлөгөндөр
Иш-чарада төмөнкү жетекчилер жана өкүлдөр сөз сүйлөштү:
• Надырбеков Союзбек Надырбекович — Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин биринчи орун басары;
• Амир Пирич — ЮНЕСКОнун Алматыдагы Региондук кеңсесинин директору (видео-кайрылуу);
• Сабира Солтонгельдиева — КРнын ЮНЕСКО боюнча Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы.
Спикерлер дезинформацияга каршы күрөшүү, медиа сабаттуулукту өнүктүрүү жана коомдун санариптик коркунучтарга туруктуулугун жогорулатуу боюнча комплекстүү чечимдердин маанисин белгилешти.

Форумдун негизги презентациялары
• ЮНЕСКОнун МИГ менен кастык тилге каршы аракеттер боюнча салымы — Аида Бекташева;
• «Онлайн-платформалардагы санарип контенттин авторлорунун укуктук абалы жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча талдоо — Алтынай Исаева (Media Policy Institute);
• Мамлекеттик кызматкерлер үчүн МИГ боюнча колдонмо — Айгүл Болотова жана Ирина Чистикова;
• Санариптик гигиена жана жасалма интеллект доорунда коопсуздук — Жанара Кулманбетова;
• Онлайн-зомбулук, кибербуллинг жана кастык тил боюнча ИИМдин талдоосу — Чолпон Назаркулова;
• Internews жана жергиликтүү медиа уюмдардын практикалык тажрыйбалары.

Жыйынтык жана келечектеги кадамдар
Ачык диалог учурунда катышуучулар бир катар сунуштарды беришти:
• Улуттук деңгээлде медиа сабаттуулук программаларын өнүктүрүү;
• Аймактык медиа билим берүүнү чыңдоо жана адистерди окутуу;
• Интернеттеги кастык тилге каршы жаңы куралдарды иштеп чыгуу;
• Мамлекет менен медиа коомчулугунун кызматташтыгын кеңейтүү;
• Инновациялык санариптик чечимдерди жана коопсуз онлайн-модерацияны колдоо;
• Жаштарды санариптик трансформациянын негизги күчү катары активдүү тартуу.
Бул өңдүү форумдар медиа чөйрөсүнүн өнүгүшүнө чоң салым кошот. Медиасабаттуу бололу!
Турсун Омуралиева