ERIK долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарындагы №65-Б.Абдрашев атындагы мектебинин жаңы имаратынын курулушу толугу менен аяктады.

Мектептин эски имараты 1978-жылы пахта сактоочу кампа катары курулган. 1996-жылы мектеп толук эмес орто мектепке, ал эми 2006-жылы толук орто мектепке айланган.
Эски мектепте жети чакан класс, бир ашкана жана бир жетекчилик бөлмөсү болчу. Мектепте лабораториялар, спорт залы, жыйындар залы жана айрым административдик жайлар жок болгон.

Жаңы курулган мектеп жер титирөөлөргө туруштук берет, электр энергиясын үнөмдөйт. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү менен бирге санитардык-гигиеналык шарттарын камтыйт.
Мектептен сырткары имараттын короосу дагы көрктөндүрүлүп, видеобайкоо системалары коюлду жана тышкы мектеп инфраструктуралары орнотулду.
Жаңы имараттын жалпы аянты 1699,5 чарчы метрди түзөт, 150 окуучуга ылайыкталып, эки кабаттан турат. Кең жана жарык класстар билим алуу жана чыгармачылык менен алектенүү үчүн идеалдуу шарттарды түзөт. Ар бир класска рекуператорлор орнотулуп, алар сапаттуу аба алмашуусун камсыздап, окуу процессинде ыңгайлуу микроклиматты сактап турат.

Имаратта 10 окуу кабинети, 8 даараткана, спорт залы, концерттик зал, ашкана, китепкана, медициналык кабинет, атайын жабдылган физика жана химия кабинети бар. Ашкана балдар үчүн тамак даярдоого керектүү жабдыктар менен камсыздалган. Ички дааратканалардын жана душ кабиналарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылган заманбап саркынды сууларды тазалоочу курулмалар (септиктер) орнотулду.

Мектепте желдетүү системасы менен катар резервдик электр генератору да бар, бул электр жарыгы өчкөн учурда окуу процессин үзгүлтүксүз улантууга мүмкүнчүлүк берет. Имараттар мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын муктаждыктарына ылайыкташтырылып, пандус жана лифт орнотулду.
ERIK долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунда 14 мектеп жаңыланат, алардын ичинен бүгүнкү күндө 3 мектеп пайдаланууга берилди, 2 мектепте курулуш иштери жүрүп жатат, ал эми дагы 2 мектеп тендер этабында.
ERIK долбоору жана анын максаты
“Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоордун максаты – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жаратылыш кырсыктарынын тобокелдигин башкаруу чөйрөсүндөгү потенциалын жогорулатууда колдоо көрсөтүү болуп саналат.
ERIK долбоорунун 2-компонентинин максаты — мектептердин жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатуу, энергоэффективдүү технологияларды өздөштүрүү, суу менен камсыз кылуу жана санитардык-гигиеналык жагдайды жакшыртуу.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан ERIK долбоорунун алкагында, Дүйнөлүк банктын финансылык колдоосу менен өлкөдө 40 мектеп курулуп жана реконструкцияланууда.
Мектептер заманбап илимий методологиянын негизинде тандалып алынган. Тандоо критерийлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк банк тарабынан биргелешип иштелип чыгып, негизги талаптар катары участоктун сейсмикалык тобокелдиги, имараттын аялуулугу жана мектептеги окуучулардын саны эске алынган.
Учурда ERIK долбоорунун алкагында өлкө боюнча 10 мектептин курулушу уланууда. 2025-жылдын август айынан бери № 65-Б.Абдрашев атындагы мектебинен тышкары дагы 5 жаңы мектеп пайдаланууга берилген. Дагы 4 объект боюнча тендердик процедуралар жүргүзүлүүдө. 7 мектеп боюнча долбоордук-сметалык документтерди даярдоо аяктап калды. Аны менен катар курулушка уруксат берүү документтери даярдалып, жер-жерлерде инженердик-изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.
Бул мектептердин курулушу Министрлер Кабинети менен Дүйнөлүк банктын тыгыз кызматташтыгынын аркасында мүмкүн болду.