2025–2026-окуу жылына карата “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин иш-планынын алкагында мугалимдер үчүн онлайн вебинарлар башталды. Октябрь–ноябрь айларында өткөн кезектеги вебинар “Акылдын өбөгү – билим, жөлөгү – тажрыйба” урааны менен өтүп, кыргыз тили жана адабияты мугалимдерине багытталды.

Иш-чарада “Жайыл баатыр атындагы лицейи” филиалынын мугалими Шакирали уулу Орозбек “Мугалимдин заманбап портфолиосу жана мүмкүнчүлүктөрү”, ал эми Кадамжайдагы “Семетей лицейи” филиалынын мугалими Байзакова Гулзара Жуманазаровна “Окуучуларды кыргыз тилинен ЖРТга даярдоонун эффективдүү жолдору” темасында өзүнүн алдыңкы тажрыйбасын Google Meet аркылуу бөлүштү.

Вебинарга “Сапат” мекемесинин жети дубан, Ош жана Бишкек шаарларындагы лицейлердин мугалимдери катышып, пайдалуу ыкмалар жана заманбап методикалар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Катышуучулар өз пикирлерин активдүү билдиришти: “Айчүрөк лицейи” филиалынын мугалими Гүлнара Султангазиева портфолионун өзгөчөлүктөрүн белгилесе, “М.Субакожоев атындагы лицейи” филиалынын кафедра башчысы Венера Иманалиева анын чыгармачылык менен жасалганын жогору баалады. “Семетей лицейи” филиалынын мугалими Гүлбүбү Тешебаева портфолионун универсалдуулугун айтып өттү. Талкуунун жүрүшүндө Айкокул Суюнова окуучулардын сөздүк корун текшерүүнүн маанилүүлүгүн белгилесе, Мээрим Үсөнова, Гүлжан Жороева, Аширгүл Турдумаматова өздүк методдордун жугумдуулугуна токтолушту. Анара Юлдашева окуп түшүнүү жана аналогия темасындагы практикалык ыкмаларды жогору баалады.
Иш-чаранын соңунда онлайн кайтарым байланыш уюштурулуп, мугалимдер вебинарлардын жыл бою улантылышын колдоорун билдиришти.
Тилибиздин залкар баалуулуктарын жайылтууга салым кошуп келген Шакирали уулу Орозбек агайга жана Гулзара Байзаковага “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин ыраазычылык каты координатор Жеңишбек Абдиназаров тарабынан онлайн тапшырылды.

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин кыргыз тили жана адабияты, мамлекеттик тил координатору – Жеңишбек Абдиназаров