Сокулук районундагы Күнтуу айыл аймагындагы Исмаил айылында 2025-жылдын 12-ноябрь күнү Чодугул Байсалбекова атындагы жалпы билим берүү мектебинин жаңы курулуп баштаган имаратынын курулушуна мезгил кутучасын салуу аземи болуп өттү.

Курулуштун башталышы
Мезгил кутучасын салуу аземине: Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев,Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким
Илияз Ташкулов, Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Турум Сатарбаева жана ,,Ас-Сафа” коомдук бирикмесинин директору Ибрагим Мальсагов, Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Мирбек Суюналиевдер катышышты.
Салтанаттуу аземдин ачылышында Сокулук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Илияз Ташкулов чогулган элге,
конокторго Сокулук районундагы аткарылып жаткан иштер боюнча
кененирээк маалымат берип, алдыдагы аткарыла турчу иштер менен кыскача
тааныштырып, андан соң Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй
облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиевге сөз берди.

«Ак-Сафа»коомдук фондунун директору Ибрагим Мальсагов
Канат Джумагазиев өз сөзүндө: ,,Мамлекет тарабынан жер-жерлерде аймактык маселелерге көңүл бөлүнүп, маселелер четинен чечилип, жаңы имараттар курулуп, элдин жашоо-шарттарын жакшыртуу максатында иштер байма-бай жүргүзүлүп жаткандыгын баса белгиледи. Ошондой эле, келээрки жылы Исмаил айылында аталган коомдук фондунун каржылоосунда ФАП салынаарын кабарлады.
,,Ас-Сафа” коомдук бирикмесинин директору Ибрагим Мальсагов:
,,Жаңы крулуп жаткан мектеп 2 кабаттан турат, жалпы 350 орунга ылайыкташып, спорт зал жана эмеректер менен жабдылат”,-деди.

Айыл жашоочулары
Кунтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Мирбек Суюналиев учурдан пайдаланып аземге келип берген жалпы конокторго терең ыраазычылык билдирүү менен чын ден-соолук каалап өттү.
Даярдаган: Айдай Джолчубекова