Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси менен биргеликте майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоону күчөтүүгө багытталган иштерди улантууда.

Канаданын Жергиликтүү демилгелер фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укуктарын кеңейтүү: Кыргызстанда гендердик зомбулуктан коргоону күчөтүү» долбоорунун алкагында республика боюнча маалыматтык-консультациялык семинарлардын сериясы өтүп жатат.
Кезектеги семинар учурда Каракол шаарында уланып, ага прокуратура органдарынын, ички иштер органдарынын кызматкерлери, адвокаттар жана социалдык кызматкерлер катышууда.

Семинардын максаты — зомбулукка туш болгон майыптыгы бар аялдар жана кыздарды коргоонун өзгөчөлүктөрүн эске алуу боюнча кесиптик коомчулуктун мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо.
Программа төмөнкү багыттарды камтыйт:
— Улуттук жана эл аралык укуктук базага сереп (Стамбул конвенциясы,
— БУУнун Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө конвенция);
— Алгачкы коргоо чараларынын алгоритмдери;
— Иштерди сотко чейинки жана соттук териштирүүнүн өзгөчөлүктөрү;
— Майыптыгы бар адамдар менен иштөөдө этика жана этикет.
Окутуу теориялык материалдарды практикалык тапшырмалар жана интерактивдүү көнүгүүлөр менен айкалыштырат. Тренерлер катары бул тармакта көп жылдык тажрыйбага ээ болгон эксперттер Чынара Мусабекова жана Махабат Бекишова билим бөлүшүүдө.
Министрдин орун басары Айнура Орозбаева мындай семинарлар укук коргоо органдарынын жана социалдык кызматкерлердин майыптыгы бар аялдардын өзгөчө муктаждыктарын эске алуу менен иш алып баруусуна көмөк болорун белгиледи.

Семинарлар Кыргызстандагы бардык 7 облуста өткөрүлөт. Уюштуруучулар бул демилге майыптыгы бар аялдар менен кыздарды зомбулуктан коргоонун натыйжалуу жана адилеттүү механизмдерин өнүктүрүүгө салым кошот деп ишенишет.
Айгерим Кубатбекова