Кыргызстандын экономикасында айрыкча динамикалуу өнүгүп жаткан багыттардын бири энергетика тармагы. Өнөр жайдагы тез өсүш рынокто жогорку квалификациялуу кадрларга болгон суроо-талапты кескин жогорулатты.

Энергетика жаатындагы орусиялык билим берүү дүйнөдөгү эң күчтүү даярдык системаларынын бири катары бааланат. Ушундан улам, 2026/27-окуу жылында кыргызстандык жаш адистер үчүн чоң мүмкүнчүлүк ачылууда: Росатом мамлекеттик корпорациясына таянган жогорку окуу жайлардын магистратура программаларына акысыз негизде документ тапшыруу мүмкүн болот.
Бул программа энергетика секторунда компетенттүү адистерди даярдоого, ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын билим берүү тармагындагы кызматташуусун өнүктүрүүгө багытталган.

Кыргызстанга Россия Өкмөтү тарабынан бюджеттик негизде окуу үчүн 700 квота бөлүнгөн, алардын 18и Росатомдун жогорку окуу жайларында. Росатомго таянган ЖОЖ катарына төмөнкүлөр кирет:
«МИФИ» Улуттук ядролук изилдөө университети
«МЭИ» Улуттук изилдөө университети
Н.Э. Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университети Москва физика-техникалык институту «МИСиС» Улуттук технологиялык изилдөө университети
Санкт-Петербург мамлекеттик университети
Улуу Петр атындагы Санкт-Петербург политехникалык университети Россиянын биринчи президенти Б.Н. Ельцин атындагы Урал федералдык университети (УрФУ) Казан мамлекеттик энергетикалык университети (КГЭУ)
А.Н. Туполев атындагы Казан улуттук изилдөө техникалык университети (КАИ)
Н.И. Лобачевский атындагы Улуттук изилдөө Нижегород мамлекеттик университети (ННГУ)
жана башка жогорку окуу жайлары.
Төмөнкү адистиктер боюнча арыздар кабыл алынууда:
Ядролук энергетика жана технологиялар
Физика жана астрономия
Өнөр жай фармациясы
Материалдар технологиясы
Машина куруу
Химиялык технологиялар
Прикладдык геология, тоо-кен иши, мунай-газ иши жана геодезия
Окууга кабыл алуу бюджеттик негизде болот, башкача айтканда, окуу толугу менен акысыз. Окууга өткөндөргө стипендия жана жатаканада жашоо мүмкүнчүлүгү берилет. Документтерди тапшыруу жана конкурстук сынактар онлайн негизде өтөт. Билдирүүдө артыкчылык катары кызыккан адистик боюнча 6️⃣ ЖОЖды көрсөтүүгө болот.
Арызды азыр эле https://education-in-russia.com сайтына тапшырыңыз. Бул жерден ЖОЖ, билим берүү программалары жана шаарлар жөнүндө кошумча маалымат ала аласыз. Документтерди кабыл алуу 2025-жылдын 15-декабрында аяктайт.
Ар шейшемби жана бейшемби күндөрү Бишкектеги Орус үйүндө (Эркиндик бульвары, 2/1) Россиянын ЖОЖда окууну каалагандар үчүн акысыз консультация өткөрүлөт. Башталышы саат 16:00дө. Консультация оффлайн (кирүү акысыз) жана онлайн режимде өткөрүлөт.
Россиянын ЖОЖна тапшыруу жөнүндө бардык маалыматты uchebarf.kg сайтынан жана Бишкек, Ош шаарларындагы Орус үйлөрүнүн социалдык баракчаларынан табууга болот.
Бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылууну суранабыз: +996(312) 30-05-43; +996(770)224-595 же [email protected] электрондук дарегине жазыңыз.