Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылына таштанды ташуучу машина келип жатканы элге кубаныч тартуулады. Ал айлана- чөйрөнүн тазалыгын сактоого жардам берет, жугуштуу оорулардын алдын алат жана жашоо шартты жакшыртат.

Таштанды ташуучу унаанын кызматкери Нурбек Сатаров бул кызматты чоң жоопкерчилик деп эсептей турганын айтты:
» Эртен мененки саат 8 де ишке чыгабыз. Ар бир көчөдөгү таштандыларды жыйнап чыгабыз. Кээде айыл тургундары да жардамдашып калышат. Айрым учурларда таштандылар туура салынбайт, айнек же башка кооптуу заттар чыгып калат. Башында түшүнбөгөндөр болду. Азыр болсо көнүп калышты. Көбү ыраазычылык айтып турушат. Бул мен үчүн тиричилигимди камсыз кылган жумуш. Коом үчүн пайдалуу кызмат деп эсептейм. Биз айына эки жолу, белгиленген күндөрү айыл ичин кыдырып чыгабыз. Ар бир көчөгө токтоп, таштандыны жыйнайбыз. Айрым тургундар таштандыны туура эмес жерге коюшат. Ошол жагынан кыйын болот. Атайын кийим кийебиз, колкап тагынып, тазалыкка жана коопсуздукка көңүл бурабыз.
Экологияга өтө чоң пайдасы бар. Таштанды туура чогултуп, айыл таза болсо экология да жакшырат » -дейт Нурбек Сатаров .

Айыл тургуну Асел Байсариева таштанды ташуучу унаанын келиши айылдыктар үчүн өтө ыңгайлуу экенин айтып, бул жаңылыкка абдан сүйүнүп жатканын белгиледи:
» Биздин айылга таштанды ташуучу машина келе баштаганы чоң өзгөрүү болду. Эл мурда таштандыларды өзү жок кылууга аракет кылчу, кээде туура эмес жерлерге төгүп коюшчу. Азыр болсо атайын таштанды ташуучу машина белгиленген күндөрү келип,таштандыларды чогултуп кетет. Бул айылдын тазалыгын сактоого, айлана-чөйрөнүн булгануусун азайтууга жардам берип жатат. Эми айыл дагы көрктүү болуп, жашоочулар да тазалыкты карманууга көнүп калышты. Таштанды ташуучу машина айыл үчүн пайдалуу жана керектүү кызмат.» -дейт Асел Байсариева.

Даярдаган: Адилия Акунова.