Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагына Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевич айыл өкмөт башчы болуп дайындалды. Буга чейин Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы болуп эмгектенген.

Абсатар Эшимбаев
«Мен Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевич 1980-жылы Кулатов айыл аймагына караштуу Ак-Чал айылындагы жумушчулардын үй-бүлөлөсүндө жарык дүйнөгө келгенмин. Азыркы күндө 4 кыз 1 уулдун атасымын.
Т. Кулатов айылынын тургундары менен таанышуулар жүрүп жатат. Дайындалганыма аз күн болсо да айыл өкмөттөгү көйгөйлүү маселелерди байкап, аны чечүүгө аракетти баштадым. Суу, электр энергиясы жана жер орчундуу маселелердин бири экен. Буйруса 2026-2027-жылга аткарыла турган иш пландардын бири,сугат суу жана ичүүчү сууну ар бир үйгө жеткирүү.» деп билдирди.
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева