Дөбөлү айылынын 11- классынын окуучусу Токтобеков Уларбек “Баарыбыз үчүн тең мүмкүнчүлүк » аттуу кароо сынакка катышып келди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 токтомуна ылайык, 3-декабрь – Эл аралык майыптыгы бар адамдар күнүнө карата майыптыгы бар адамдарга көңүл буруу, кайрымдуулук жана колдоо көрсөтүү максатында “Баарыбыз үчүн тең мүмкүнчүлүк” аттуу иш чара 29- ноябрда өткөрүлдү . 15- ноябрдан 15- декабрга чейинки аралыктагы бир айлык акциянын алкагында, Муса Баетов атындагы райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан 14- 35 жашка чейинки майыптыгы бар жарандар катышты.
Кароо-сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлдү:
1. “Ыр өмүрдүн шаттыгы” – эстрадалык же салттуу багыттагы ырлар;
2. “Өнөрүң болсо, өргө чап”– чыгармачылык өнөр көрсөтүү;
3. “Кол өнөрчүлүк жана сүрөт” – кол менен жасалган чыгармачыл эмгектер.
Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан колдоого алынган.
Иш-чаранын жүрүшүндө 11- класстын окуучусу конкурска катышып эстрадалык номерде ыр аткарып 8000 сом өлчөмдө акча жана грамота менен сыйланды.
Катышуучулардын аракеттери жана чыгармачылыгы калыстар тобу тарабынан жогору бааланды.

А. Алымкулова