Учурда социалдык тармактардын маалымат мейкиндигинде улутчулдук, экстремисттик маанайлар, диний радикал идеялар, социалдык катмарлар ортосундагы араздашууларга байланыштуу маалыматтар кеңири жарык көрүүдө.
Алардын жайылышы коомдо ар кандай кызуу талаш-тартыштарды туудуруп, пайлалануучулар арасында терс таасирлери артууда. Анын өзөгүндө-кастык тилдер өтө көп колдонулууда. Мындай маалымат менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доктору Бакытбек Орунбеков бөлүшөт.
Фейсбук платформасында кайсы темаларда кастыкты козуткан сөздөр көп колдонулат?
1. Улуттук баалуулуктарга байланыштуу;
2. Ислам динине байланыштуу;
3. Улутчулдукту козуткан окуялар;
4. Социалдык теңсиздикке (гендер) байланышкан маалыматтар.
Кастык тили тууралуу, анын алдын алуу жана кантип мээрим тилине айлантабыз, бул тууралуу IDEA уюмунун долбоор координатору Бегимай Кулова Жамааттык Медианын Элсобол түз эфиринде айтып берди.
************************************************************************************************************
Бул материал Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланган жана Жамааттык ЖМКлардын Бирлиги тарабынан ишке ашырылган БУУӨП менен ЮНЕСКОнун биргелешкен долбоорунун алкагында даярдалды.
Айгерим Кубатбекова