Бул комикс блогер болууну кыялданган жаш бала Арсендин окуясы аркылуу социалдык медиадагы жоопкерчилик, кастык тили жана хайп артындагы чыныгы кесепеттер жөнүндө ойлонууга чакырат. Арсен көп көрүү жана лайк топтоо үчүн адамдарды шылдыңдап, туура эмес маалымат таратып, таанымал болууга аракет кылат. Бирок анын «шок-контенти» чыныгы адамдардын тагдырына оор таасир этет: бала кордолуп, чоң киши жалган жалаанын айынан ишинен айрылып кала жаздайт.
Комикс «сөз эркиндиги» деген шылтоо менен кемсинтүү жана жалаа жабуунун айырмасын ачып берет. Каармандар коомдук тармактарда этика, фактыларды текшерүү жана адамдык урмат-сый канчалык маанилүү экенин түшүнүшөт. Комикс жаштарга: “Үнүң бар болсо — аны акыл менен колдон” деген терең ой калтырат.
Комиксти окуп жайылтууга салымыңызды кошуңуз.
Бул басылма Internews ишке ашырып жаткан «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу» (CARAVAN) долбоорунун алкагында Европа Биримдиги тарабынан каржыланат/ биргелешип каржыланат. Анын мазмуну үчүн Жамааттык Медиа гана жоопкерчиликтүү жана ал Европа Биримдигинин жана Интерньюстун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.