Бул комикс айылдык мектепте жаңы окуучу болгон Нургазынын тагдыры аркылуу зомбулуктун кандайча башталып, кандай оор кесепеттерге алып келерин чагылдырат. Жада калса чоңдордун көңүл коштугу, мугалимдин терс үлгүсү жана теңтуштардын онлайн шылдыңы баланын тагдырын сыноого алып келет.
Комикстеги каармандар — Нургазы, анын коргоочусу Айдана жана классташ Айбек — кайсы учурда адамдык сапат көрсөтүү маанилүү экенин өз баштарынан өткөрүшөт. Комикс буллингдин түрлөрүн (физикалык, моралдык, кибер) көрсөтүп, зомбулукка унчукпай коюу да зомбулук экенин эскертет. Ар бир бала мектепте өзүн коопсуз жана урматталган сезүүгө тийиш экенин жөнөкөй, бирок күчтүү окуя аркылуу жеткирет.
Комиксти окуп жайылтууга салымыңызды кошуңуз.
Бул басылма Internews ишке ашырып жаткан «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу» (CARAVAN) долбоорунун алкагында Европа Биримдиги тарабынан каржыланат/ биргелешип каржыланат. Анын мазмуну үчүн Жамааттык Медиа гана жоопкерчиликтүү жана ал Европа Биримдигинин жана Интерньюстун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.