Жайкы каникул балдардын эң көп күткөн мезгили. Бирок бул убакты жөн гана эс алуу катары эмес, алардын акыл-эси, эмоциясы, ой жүгүртүүсү жана денеси үчүн өсүү мүмкүнчүлүгү катары колдонуу абдан маанилүү. Бишкек шаарындагы Ишеналы Арабаев атындагы №102 орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Санам Жумашева балдардын каникул убагындагы күн тартиби жана үй-бүлөнүн ролу тууралуу өз пикири менен бөлүштү.
Анын айтымында, каникулдун алгачкы 15 күнү бала толук эс алууга тийиш. Эс алуу бул дене гана эмес, мээнин да тыныгуу алышы. Бирок эс алуу чексиз созулуп кетпеши керек. Андан кийинки күндөрү күнүмдүк тартипке китеп окуу, чыгармачылык иштер, үй жумуштарына жеңил катышуу сыяктуу пайдалуу иштер киргизилиши керек. Сыналгы менен телефонду чектөөгө аракет кылуу бүгүнкү ата-энелердин негизги милдети.
Балдардын экран алдындагы көп убакыт отуруусунун ордуна ата-эне баласы менен чогуу китеп окуса, ролдоштуруп окуу уюштурса, кызыктуу оюндар менен убакыт өткөрсө бала өзүн маанилүү жана баалуу сезет. Мугалимдин сунушу боюнча, бир күнү апасы, экинчи күнү атасы, кээде улуураак бир туугандары китеп окуп берип, окуу аяктагандан кийин талкуу жүргүзүү баланын ой жүгүртүүсүн өстүрөт. Китеп окуу гана эмес, сүрөт тартуу, пластилинден бир нерсе жасоо, табышмактын жообун табуу, ыр жаттоо мунун баары баланын ойлоо жөндөмүнө пайдалуу. Ошондой эле үй иштерине аралаштыруу да маанилүү: гүлгө суу куюу, чаң сүртүү сыяктуу тапшырмалар эмгекке болгон мамилесин калыптандырат.
Каникул учурунда баланын күн тартиби да бузулбашы керек. Эртең менен 7:30–8:00дө ойготуп, өз убагында тамактантып, кечинде 20:30га чейин уктатуу зарыл. Баланын өсүп жаткан организмине уктоо режими түз таасир этет. Ошондуктан кеч уктап, кеч турууну адат кылдырбоо керек. Бул баланын организиминин өсүшүнө терс таасирин берет.
Санам Жумашева ата-энелерге сунуш да берет: ата-эне жума сайын өзүнө суроо берип турса – «Мен балама бул жумада шыктандыруучу сөздөрдү көп айттымбы же сын-пикирлердиби?» – деп. Ошондой эле, баласы күтүүсүз же өзгөчө идея айтканда ага кандай мамиле кылганын ойлонуп, өз жүрүм-турумуна баа берип турушу керек. Бул ата-эне менен баланын ортосундагы ишенимди бекемдеген эң жөнөкөй, бирок эң күчтүү ыкма.
Каникул бул жөн гана бош убакыт эмес, келерки окуу жылына даярдык. Эгер ата-эне баланын күнүн туура уюштурса, бул мезгил жаңы көндүмдөрдү үйрөнүүгө, ой жүгүртүүнү өстүрүгө, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөгө мыкты мүмкүнчүлүк болуп берет.
Айпери Марлесова