Жайкы каникулда мектеп окуучуларында сүйүктүү иштери менен алектенүүгө бош убакыт кенен болот. Бирок, көп учурда ал гаджет менен же телевизордун аңдайында күн боюу отуруп алардын активдүүлүгу төмөндөа, уйкунун жетишсиздигине айланат. Каникул учурунда бала сабактан эс алып, убактысын кантип пайдалуу жана кызыктуу өткөрсө болорун алдыда айтып беребиз.
Күн тартибин кармануу
Бала каникулда түшкө чейин уктап, түн ортосуна чейин убтабай жүрө бергени жакшы эмес. Организм жаноонун мындай ритмине көнүп калат дагы анын кескин өзгөрүшү стресске алып келет. Андыктан мурдагы режимде улантуу зарыл кеминде тамактануу жана уктоо убактысы.
Бала канчалык кенже куракта болсо, ошончолук уйкуга жана ресурстарды калыбына келтирүүгө көбүрөөк убакыт керек. Мектепке чейинки жана башталгыч класстын балдары үчүн оптималдуу уйку ондон он бир саатка чейин созулат, орто жана жогорку класстын окуучулары үчүн — тогуз. Ошондой эле көп уктоо зыяндуу — бул тез чарчоого, энергиянын деңгээлинин төмөндөшүнө жана когнитивдик талдоо, ой жүгүртүү, үйрөнүү жөндөмдөрдүн төмөндөшүнө алып келет.
Баланын графиги ата-эненин каалоосу эмес, анын ден соолугу үчүн маанилүү экенин түшүнүшү үчүн, негизги ойлорду чогуу талкууласаңыз жакшы.
Эшикте сейилдөө
Кээде ата-энелер баласы эшикте ар кандай кокустуктарга учурабай көз алдында үйдөн чыкпай отурганына кубанышат. Бирок, мээнин туура азыктануусуна кычкылтек керек. Мындан тышкары бала чектелген мейкиндикте өзү менен өзү эмне кыларын билбей виртуалдуу дүйнөгө кирип ктете андан денеси дагы көбүрөөк стресске кабылат.
Адистер башталгыч класстын окуучуларына 3-3,5 сааттан кем эмес, жогорку класстын окуучуларына 2,5 саат таза абад басууну сунуштайт.
Бул эрежени сактоо менен, сиз баланын маанайында, өзүн жакшы сезүүсн жана окуудагы жетишкендиктеринде оң өзгөрүүлөрдү байкай аласыз. Достор менен ойноо, сейилдөө, велосипед тебүү ылайыктуу. Мүмкүн болсо, кыска сапарга, тоого, пикникке баруу пайдалуу болот. Жердин өзгөрүшү бүт үй-бүлөгө жаңы таасирлерди берет, ал эми таза аба энергия тартуулап, ден-соолукка оң таасирин берет.
Эс алуу жана жаңы нерселерди үйрөнүүнү айкалыштыруу зарыл. Каникул учурунда окуучуларга интеллектуалдык жүк дагы керек. Бул мектепке оңой кайтууга жардам берет. Интеллектуалдык иш-чараларга экскурсиялар, китеп окуу, билим берүүчү оюндар кирет. Мындай иш чараларды саат 11:00дөн 13:00гө чейин койгон ыңгайлуу .
Бала эмнени үйрөнгүсү келет, эмнеге кызыгарын сураңыз. Мындай диалог аны менен алектенүүгө жакшы мативация берет. Анткени сиз гана айта берсеңиз балаңыз аны милдеттенме катары кабыл алат.
Хобби туурасында унутуп калбоо зарыл
Бала үчүн хобби тандоо абдан көп сүрөт тартуу, спорт, сүрөт жана башка. Ага өзүңүздүн кызыкчылыктарыңызды таңуулоонун кереги жок – балаңыз эмне кубаныч алып келерин түшүнө алган куракта.
Эгер сиз анын хоббилери жөнүндө көбүрөөк билсеңиз же чогуу жаңы нерсени сынап көрүүнү сунуш кылсаңыз, тандоо жасоого жардам бере аласыз. Чоогу бир нерсе аткаруу жакындашууга, баланы жакшыраак түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Балдар кайсы гана куракта (ал тургай жогорку мектепте) ата-энесинин колдоосун сезгиси келет.
Эс алуу
Качан телефон карап, телевизор көрүп, компьютердик оюндарды ойноп жана социалдык тармактарды ачуу керек? Балага өзү менен жалгыз калуу мүмкүнчүлүгүн берүү да маанилүү. Мисалы, балада ушул учурда фантазия өнүгөт.
Ата-энелердин милдети активдүү болууга жана «эч нерсе кылбай, бош жүрүү» үчүн убакытты туура бөлүштүрүүгө жардам берүү болуп саналат. Эгерде кенже курактагы балада Балдардын графиги толугу менен көзөмөлгө алынса, орто мектептен баштап балдар өз алдынча пландоону үйрөнүшөт.
Баланы жайкы каникулга пландаштырууда карманууга тийиш болгон негизги принцип — бул тең салмактуулук жана жогорудагы пункттардын гармониялуу айкалышы. Ата-энелерге балдарына авторитардык эрежелерди орнотуу эмес, диалог жүргүзүү сунушталат. Бул өз ара түшүнүшүнүн негизи болот жана келечекте сергек мамилелердин кепилдиги болуп саналат.
Ата-энелерге кеңеш: Жайкы каникулда балдарыңыз мектеп менен кош айтышканда, үйрөнүү менен да кош айтышпасын
Балаңызга эл алдына чыгып сүйлөөдө кантип жардам бере аласыз?
Балаңыз тез-тезден ооруп жатса ага мээрим жетишпей жатышы мүмкүн
Сиз балаңызды тилдейсизби? Орой сөздөрдүн өспүрүмдөргө тийгизген кесепети
Логопед: Бала телефон менен эмес, оюнчук менен ойношу керек
Айгерим Кубатбекова