Психолог-психаналитик Карлыгаш Акимкулова ымыркай балдар тили чыга элек болгону менен муктаждыктарын, сезимдерин денеси менен айтарын белгилейт. Башкача айтканда көп оорушу мүмкүн. Өзгөчө ата-эне баланы жакындарына таштап кеткен учурда. Алар баланын курсагы ток, кийими бүтүн, өз убагында уктатылганы билген менен анын жан дүйнөсүндө эмне болуп жатканын биле албайт.
Сиз тили чыга элек балаңызды туугандарыңызга канчалык көп калтырасыз? Мында бала эмнени сезе турганын ойлонуп көрдүңүз беле?
Ал кандай кайгыруу күчүн сезет? Эгерде ал сүйлөй алса, эмне деп айтат эле? Биз аны курсагы ток, кийими бүтүн, өз убагында уктап турганын билүү менен көңүлүбүз жайында болуп калабыз. Бирок биз анын жан дүйнөсүндө эмне болуп жатканын биле албайбыз.
⠀Өзгөчө бир айга, жарым жылга, бир жылга калтырганда…
Бала үчүн бир жыл бүтпөй тургандай узак, чексиз сезилет. Ал өзүн кадимкидей алып жүрүшү мүмкүн, ыйлабай, эркелебей. Бирок анда ар кандай аллергия, жараат, суу тийүү, ичтин катышы, дерматиттер, майда жаракаттар пайда болуп баштайт. Ал өзүнүн кайгысын сөз менен айта албайт, муну анын ордуна денеси айтат.
Биз аны дарыгерлерге алып барабыз, дары-дармек беребиз, ар кандай анализдерди тапшырабыз. Бирок баланын кичинекей жан дүйнөсүн түшүнсөк, анын оорусун түшүнсөк, аны кучактап, андан кечирим сурасак, ага өз сүйүүбүздү берсек, анда бардык оорулар жоголушу толук мүмкүн.
Кымбаттуу ата-энелер! Балаңызда дагы сиздикиндей эле жан дүйнө бар. Болгону алар биз, чоңдор сыяктуу аны билдире алышпайт! Эгерде балаңыз көп ооруса, ойлонуп көрүңүз. Ал эмнени айткысы келип жатат? Балким жан дүйнөсүнүн кыйналганын денеси аркылуу билдирип жаткандыр.
Чоңдор баланын эмоцияларын байкап, көңүл бууруп, тыңшап, кылдаттык мамиле кылуусу зарыл. Бала өзүнүн сезимдерин көрсөтүү үчүн чоңдор (ата- энеси же багып жаткан туугандары) жардам берүүсү керек. Баланын эмоционалдык стабилдүүлүгү көп учурда ата-эненин колунда.
Сиз балаңызды тилдейсизби? Орой сөздөрдүн өспүрүмдөргө тийгизген кесепети
Бала тарбиялоодо бардык суроолорума “Энелер мектебинен” жооп алдым
Балаңыз акча жөнүндө эмне билиш керек?
Айгерим Кубатбекова