«Энелер мектебинин» негиздөөчүсү Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов Баткен облусунун Лейлек районунан Кочкор айылына жолугушуу өткөрүүгө келди.
Гапыр Мадаминов
Кочкор районунун 2021-жылдын 28-сентябрында Кочкордун жалпы ата-энелерине «Энелер мектеби — таалимдин кени» аталышта Гапыр Мадаминов менен «Чолпон» кинотеатрында жолугушуу өттү. Ар бир мектептен тарбия иштеринин уюштуруучулары, соц педагогдору жана ата-энелер катышышты.
Жолугушуу алдында
Кочкор райондук билим берүүнүн башчысы Турсунбек Бактыгулов Гапыр агайдын Кочкор жергесине келип жемиштүү жолугушууларга катышып өзүнүнүн тажрыйбасы менен бөлүшкөнүнө ыраазычылык билдирди.
Турсунбек Бактыгулов
Жолугуушуда Гапыр Мадаминов мектептерде билим сапатын көтөрүүдө мугалимдерге, ата-энелерге, окуучуларга туура багыт берүү, алар келечекте ийгиликтүү болуп илим-билим жана ыймандуулук жакта өнүгүп, мамлекет үчүн татыктуу кызмат кылганга жол көрсөттү.
Ата-энелер менен жолугушуу учуру
Жолугуушунун жыйынтыгында ата-энелер Гапыр Мадаминовдун сапаттуу билим алуу бул — үй-бүлө менен бирдикте болорун түшүнүштү жана кабыл алышты.
Азиза Максатбек кызы
Сюита Түмөнбаева