Төлөк айылында спортко кызыккан жаштар көп. Алардын көпчүлүгү көк бөрү, футбол, ордо оюндарын ойношот. Көк бөрү боюнча айылдын курама командасы облустук турларда жеңүүчү болуп келишкен. Аны менен катар ордо оюну боюнча аты чыгып калган жаштар да бар.
Пандемия учурунда спорттук иш чаралар, бираз солгундай түшкөн. Посттор ачылып, башка айылга каттоо башталганда спорттук иш- чаралар жандана баштаган. Ал эми ат оюндарынын күйөрмандары аттарын таптоо иши менен алек болушту. Футбол боюнча ар бир ай сайын уланма кубок өтүп турду.
Айылдын 1986-жылы туулган жигиттери жаштар арасында уланма кубок өткөрүштү
Ар бир оюндун белектери уюштурган жигиттер тарабынан алынган
1990-жылы туулган жигиттер да мыкты кубок өткөрүштү
Улуу-кичүүдөн куралган курама команда ийгилик жарата алган
Футболдун мыкты оюнчулары
Футбол боюнча курама команда алдыңкы орунга жетишти
Айылдын улуу мууну да, кичүү мууну да ордого кызыгышат
Нооруз майрамында өткөрүлгөн ордо оюнунда айылдын улуу муундарын жетектеген Алмаз Смановдун командасы баш байгени алып кеткен
Тору кашка жоргосу жаңыдан чабыштарга түшүп келе жатат
Айылдын атын чыгарган үч күлүк: Тримуф, Пензет, Альянс
Айпери Марлес кызы
2 173