«Асел» бала бакчасынын жашыл зонага кириши. Жаш жеткинчектердин саламаттыгы канааттандырарлык.
«Асел» бала бакчасы

«Асел» бала бакчасынын мед айымы Чолпон Исматова
Кочкор районундагы «Асел» бала бакчасынын мед айымы Чолпон Исматова мектеп жашына жетелек балдардын саламаттыгы жөнүндө кеп курду:
«Биздин бала бакчага келген балдарыбыздын азыркы учурда ден соолугу жакшы. Эртең менен ата-энелерден балдарды кабыл алууда алардын градусник менен дене табын текшерип, фильтрден өткөрөбүз. Эң негизги талап — беткап менен келүүсүн көзөмөлгө алабыз. Кире бериште хлор килемче жана антисептик бар. Күз айларында сасык тумоо оорусу көп жүргөнүнө байланыштуу ата-энелерге кеңеш беребиз. Ооруп калган балдарды кабыл алууга болбойт. Эгерде ооруп калса, ар бир тайпада изоляция бөлмөсү уюштурулган”.
«Асел» бала бакчасынын директору Фарида Кадыралиева
Фарида Кадыралиева Кочкор айылынын «Асел» бала бакчасынын директору «Жашыл зона» жөнүндө маалымат берип кетти:
«Биздин бала бакчада иштеген кызматкерлер эң биринчиден Кочкор районуна келген вакцинаны алышып, экинчиден кайра бала бакчага келчү балдардын ата-энелери менен бирге вакцина алуу боюнча тарбиячылар жана кабыл алуучу кызматкерлер жакшы иш алпарышып, маалымат толук жеткирилип, ошонун негизинде көптөгөн ата-энелер вакцина алышты. Текшерүүдөн кийин»Асел» бала бакча «Жашыл зонага» кирди.”

Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебини башталгыч класстын мугалими Кайыргүл жана анын окуучулары
Кайыргүл Мамыралиева К.Кыдыралиев атындагы орто мектебинин башталгыч класстын мугалими өзүнүн классы жөнүндө сөз кылды:
«Классымда 22 окуучу билим алат, азыркы учурда балдардын саламаттыгы жакшы. Билим берүү процесси башталгандан бери мектеп жашындагы балдардын арасында оору жеңил түрүндө жана кадимки ОРВИге окшош болуп өтүүдө. Белгилеп кетким келет, бул курактагы балдарга кам көргөн чоң кишилерден гана жугушу мүмкүн. Ушуга байланыштуу, ата-энелерге жана балдарга төмөндөгү эрежелерин үйрөтүп жатабыз: жеке коргонуу каражаттарын (беткап) колдонуу, колду дайыма жууп туруу, жергиликтүү иммунитетти бекемдөө, жашаган жерди тез-тез желдетип туруу.
Рысбек кызы Керез
Максатбек кызы Керез