Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынын үй — бүлөлүк дарыгерлер тобунун мед айымы Саламат Ниязалиева жана дарыгерлеринин айтымында коронавирус — өзүнө отуздан ашык вирусту камтыйт. Анда камтылган вирустар кеңири жайылган сасык тумоодон тарта оор-курч респиратордук синдромго (ТОРС, «типсиз пневмония») жана ичеги-карындын оорушуна алып келет.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу
«Коронавирустар — өзүнө бир чынжырлуу РНК (рибонуклеин кислотасы) молекуласын камтыган тоголок формадагы микроб. Анын тикен сымал сырткы чели таажыны элестетип турат. Илдет ошол себептен коронавирус деп аталат. Клеткага кирген вирус анын цитоплазмасында көбөйөт. Алар иммунитетти алсыратып, инфекция менен күрөшүүсүнө тоскоолдук жаратат. Бирок курч респиратордук инфекция (КРВИ) же сасык тумоо сыяктуу бир жумада айыкпайт. Коронавируста типсиз пневмония менен оор-курч респиратордук синдромдун формасы коштогондуктан бейтаптар өлүмгө чейин дуушар болот. Себеби, дарт дем алууну кескин кыйындатат.
Саламат Ниязалиева иш үстүндө
COVID-19 адамдын ден-соолугуна терс кесепетин сөзсүз берет, мисалы жүрөк, кан тамыр, өпкө, бөйрөк жана башка органдарга залалын тийгизет. Ооруп айыккан адам дарыланып алдын албаса, адамдын ден-соолугун кайра калыбына келтирүү татаал болуп калат. Биз ооруну башынан өткөргөн адамдардан сурап, алардын бардыгы бул оору сакаяр менен кетип калчу вирус эместигин айтышууда. Тилекке каршы алар кайрадан бизге кеңеш сурап келишүүдө. Ошондой эле эч ким вирус экинчи жолу жугуп калбайт деп 100% кепилдик да бере албайт”,- деди ал.
Ар бир адамдын иммундук системасы ар башка
Ал эми Токбай айылынын тургуну Рыскүл Иманбаева кыш айларында ооруганын айтып жана дагы дале вирустун кетпегенин айтты. Рыскүл айым коронавирус оорусунан кийин көп убакыт тамак-аштын даамын билбей, жыт сезбей жүргөнүн жана азыркы учурда бат чарчап, кан басымы көтөрүлүп өнөкөт ооруларын козгогонун билдирди.
«Алдын ала вакцина алуубуз керек жана доктурлардын кеп кеңешин угуп сөзсүз алардын көзөмөлү менен туура дары дармек ичип спорт менен машыксак ооруну жеңебиз. Бул оорудан коркпошубуз керек дүйнөдө канчалаган адам бул оору менен ооруп жатат. Жакшы аракет кылып туура тамактанса дагы оорудан сөзсүз айыгып кетерибизге көзүм жетти», -деп кошумчалады.
Рыскүл Иманбаева
Нурзат Момуналиева