Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айылындагы №8081 үй-бүлѳлүк дарыгерлеринин улуу мед айымы Күнчүрөк Кулова коронавирустун кайсы толкуну болбосун сактануу эрежелерин толук аткаруу маанилүү экендигин белгилейт.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу
«Өлкөдө ноябрдын аягында болжолдонгон коронавирустун 4-толкуну күтүлүп жатат. Ноябрь-декабрь деп жаткан себебибиз, дал ушул айларда, суук түшө баштаганда коронавирус гана эмес, башка да суук тийген, сасык тумоо оорулары башталат. Албетте, сасык тумоо менен катар коронавирус да көбөйөт. Ошого дагы биз даярбыз. Экинчиден азыркы кезде айыл тургундары вакцинаны алып жатышат. Биринчи доза менен 5 пайыз калк эмдөө алды. Экинчи дозасы менен 10 пайызы алды. Ошондой эле коронавирус илдетинен дарылануу үчүн күндүзгү стационар дары-дармектер, ИВЛ аппараттары даяр экендигин баса белгилемекчимин».
Кулова Күнчүрөк
Маска, антисептик ошондой эле гигиена эрежеге керектүү бардыгын алдын ала даярдап жатабыз. Азыркы учурда эл өздөрү дагы коронавирус оорусунан кантип сактануу жолдорун мурдагыга салыштырмалуу жакшы билишет. Андыктан төртүнчү толкунду жеңил өтүп кетебиз деп ишенем”, – деп кошумчалады мед айым.
Коронавирус да жашасам дейт. Интернеттен алынган маалыматтар эске салгандай, буга чейинки вирустук пандемиялардын бардыгы үч толкун менен өткөн. Болгондо дагы экинчиси биринчисинен күчтүүрөөк болот. Үчүнчүсү калган экөөнөн алда канча алсыз. Муну окумуштуулар калктын 60 пайыздан ашыгы вирус жуктуруп, сакайгандан кийин жамааттык иммунитеттин пайда болушу менен түшүндүрөт. Ал эми коронавирус оорусунун төртүнчү толкуну кандай кыйынчылыктарды алып келери али белгисиз. Бирок ар бир адам оз ден -соолугуна туура кам көрүп сактануу жолдорун аткаруусу маанилүү.
Нурзат Момуналиева