Учурдагы пандемияга карабастан жер-жерлерде той-аш, ар кандай жыйындар өтүп, жарандардын массалык чогулуусу токтогон жок. Бул көрүнүш тууралуу жарандар ар түрдүү пикирлерди айтышты.
Азамат Үмөтов-Баетов айылынын тургуну: «Азыр деле кепилдик жок. Ким билет балким биздин арабызда деле (КОВИД менен) ооругандар жүрсө керек. Ошондуктан жыйындарды, аш тойлорду деле коё турсак болмок».
Аида Кенжебаева, Бишкек шаарынын тургуну: «Бул тоготпогондук жана айланасындагы адамдардын ден-соолугуна кыянаттык кылуу десек болот».
Нарынбек Болот уулу, Ак-Чий айылынын тургуну: «Массалык иш-чаралар өтүлбөй эле койсо. Илдетти ошондой жерден жуктуруп жатабыз да».
Эльвира Жыргалбекова-Баетов айылынын тургуну: «Пандемия убагында аш -тойлорду жыйыштыра турса жакшы болмок. Жыйындар деле өтүп жатат. Мен каршы элемин салт боюнча өтө берсин десек оору салтка карабайт да».
Нургүл Исабекова, Бишкек шаарынын тургуну: «Учурда баары кымбаттап жатат. Бул пандемиянын кесепети. Ушундай кымбатчылыкта той-аш өткөрүүнүн кажети жок».
Чындыгында, пандемиялык кырдаалга байланыштуу санитардык талаптарды сактоо боюнча бир катар сунуштар киргизилгени менен алар сакталбай келет. Жарандар жай турмуштагыдай тиричилик өткөрүшүүдө.
Болот уулу Нарынбек Ак-Чий айылынын тургуну
Ак-Чий айылынын тургуну Нарынбек Болот уулу:
«Мен пандемия убагында аш-тойлордун өтүлүшүнө каршымын. Барбай эле, убактылуу катыштарды токтото турууга неге болбосун? Баягы эле эл эмне дейт дегендин аягы ушундай той-топурдун өтүшү менен коштолуп жатпайбы. Эртенки күнгө, биздин ден-соолугубузга эч ким кепилдик бербейт. Менимче куру намыстык менен өз ден-соолугуна кыянаттык кылуу деп эле түшүнөм»,- деди.
Баетов айылынын тургуну Жаңыл Кенееванын айтканына караганда дарыгерлердин эмгегин текке кетирип, алардын күн-түн өз өмүрүн тобокелге салган убактары унутулду.
«Бир кезде бири-бирибизге жакындай албай, а түгүл сактанып катташпай дагы калдык эле. Бирок пендечилик кылып ал күндөрдү эстен чыгардык. Ошол күндөрү жүрөк үшүп, Кудайга жалынбаган адам калган эмес. Эми быйыл болсо бир аз илдет азайса эле аш-той өткөрүп жатабыз. Албетте той болуп эле турсун. Бирок биз өзүбүздүн эле эмес, жакындарыбыздын дагы өмүрүнө кооптуулук жаратып жатабыз да. Анткени андай жерде санитардык эрежелер сакталбайт. Тойго барып алып, антисептик чачып отурмак белек»,- дейт.
Төрөгелди Жузуев Жергиликтүү кеңштин депутаты
Ал эми Баетов айылынын тургуну, жеке ишкер, жергиликтүү кеңештин депутаты Төрөгелди Жузуев:
«Пандемия болушун, дүйнө элинин жашоосу ушундай кырдаалга келишин эч ким деле каалаган жок. Бирок карантин болбогондон кийин той-топур, жыйындар өтпөсүн деп тыюу сала албайбыз. Ар бир адамдын өз укугу да, шартына жараша тиричилигин кылып жатышат. Андан көрө алдыда шайлоо өткөнү турат. Тынч өтүп, оору күч алып кетпесин деп тилек кылалы»,- дейт.
Барчын Мамытбекова