Суусамыр айыл аймагында учурда абал туруктуу. Бүгүнкү күнгө чейин COVID-19 илдети жугуп калуу коркунучу болгондуктан, ковидге каршы эрежелер тууралуу түшүндүрүү иштер дагы да жүрүп жатат.
Суусамыр айылдык оорукананын башкы дарыгери Бурулкан Турдубекова учурда COVID-19 вирусуна чалдыккандар азайгандыгын билдирди:
Суусамыр айылдык оорукананын башкы дарыгери Бурулкан Турдубекова
«Суусамыр айылдык ооруканада абал туруктуу, COVID-19 вирусуна чалдыккандар азайды. Болгону айыл тургундары аба ырайынын суукташына байланыштуу сасык тумоо менен кайрылып жатышат. Азырынча Суусамыр айылдык ооруканада дары дармектер жетиштүү».
Аксакалдар сотунун төрагасы Үсөн Бурканбаев Суусамыр айыл аймагынын тургундарын вакцина алууга чакырат:
Аксакалдар сотунун төрагасы Үсөн Бурканбаев
“Мен июнь айында вакцинанын биринчисин алдым. Эч кандай вакцинанын симптомдору пайда болгон жок. Жүрөгүмдө өнөкөт оорум болгондуктанбы, экинчи ирээт вакцина алганда жүрөгүм бир аз ооруксунтту. Бирок бат эле сакайып кеттим. Вакцина алгандан соң өзүңдү ишенимдүү алып жүрүп калат экенсиң.
Аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн, өзүмдүн атыман элди вакцина алууларына өтүнүч жасайм. Учурда улуу муун дагы вакцина алып жатат. Мамлекет өз эли үчүн жамандык каалабайт. Ар кандай жалган маалыматтарга ишенбестен өзүбүздүн ден-соолугубуз үчүн эмдөөдөн өтүңүздөр. Улуу муундагы адамдарга айтарым эмдөөдөн өтүп коом үчүн, жаркын келечек үчүн, жаштарга үлгү болуп ден-соолугубузду чыңдайлы. Жеке башыбызды ойлобостон, коомду, балдарыбызды ойлоп вакцина алышыбыз керек. Жайыл району боюнча Суусамыр айылында эмдөөдөн өткөн адамдардын саны кыйла аз экен. Элден калбай, бөлүнбөй вакцина алууга Суусамыр айыл аймагынын тургундарын чакырам. Эгерде вакцина боюнча суроолоруңар болсо, доктурларга кайрылып эмдөө боюнча кененирээк билип алыңыздар”.
Суусамыр айылдык жергиликтүү кеңештин төрайымы Назгүл Тойгонбаева COVID-19 вирусу күчөп турган маалда айыл тургундарын той-ашка барууларын азайтууну сунуштады:
Суусамыр айылдык жергиликтүү кеңештин төрайымы Назгүл Тойгонбаева
“COVID-19 жугуштуу оорусу күчөп жатса деле, эл той-ашка барып тобокел кылууда. Бирок бир адамдан бир нече адамга ковид жугуп калуу коркунучу чоң. Өзүбүздүн жакын адамдарыбыздан кош айтышып жатканыбыз азыркы учурда көзмө-көз көрүп деле жатабыз. Бул өтө өкүнүчүү нерсе. Канчалык сактансаң-сактайм деген сөз бар го. Мен ушул кыргыз элиме жана өкмөт башчыларга айтат элем. Көпчүлүк эл жүргөн кафе, ресторандарды жана той аштарды убактылуу токтотуп турушса болмок. Барбасам болбойт деген ой менен эл кур намыска жеңдирип жатат. Бул көрүнүш менин башымда да бар. Ошол үчүн закон бардык адамга бирдей иштөө керек. Биринчиден кафе-ресторанды убактылуу токтотуп туруу абзел. Анан санитардык эрежелерди туура жана так аткаруу керек деп ойлойм. Айтарым урматтуу кыргыз элим, келгиле кур намыска жеңдирбейли. Ковид оорусу абдан коркунучтуу илдет андыктан бири-бирибизге туура кеңеш берип бул оорудан тезирээк сакайып кетели. Ден соолук- бул биринчи байлык экендигин унутпайлы!”
Айдана Токтобекова