Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында «Баатыр эне» жана «Эне даңкы» наамдарынын ээлерине атайын төш белгилер тапшырылды.

Салтанаттуу иш-чарада үч «Баатыр эне» жана бир «Эне даңкы» наамынын ээси болгон энелерге Суусамыр айыл өкмөтү тарабынан атайын төш белгилер ыйгарылды. Сыйлыкка татыган энелер Жайыл районунун Кызыл-Ой жана Суусамыр айылдарынын тургундары. Аларга төш белгилерди Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы Таштан Үметалиев тапшырды.

«Баатыр эне» жана «Эне даңкы» наамдары көп балалуу энелердин коомдогу ордун жана үй-бүлөдөгү эмгегин баалоонун символу болуп саналат.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна