Кочкор районундагы медициналык мекемелер болжолдонуп жаткан Ковид -19 оорусунун 4-толкунуна толугу менен даяр.
Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын социалдык тармактардын орун басары Чынара Табылдиева төмөнкүлөргө токтолду:
«Кочкор районундагы медициналык мекемелер 4-толкунга толугу менен даяр. Райондук ооруканасында 62 орун даярдалган, стационардык 30 орундар уюштурулган, дагы 60 орун даярдоо планы иштелип жатат. Алдын-алуу боюнча, ар бир мекемелерге санитайзер, өздүк гигиенаны сактоо каражаттары уюшулган жана көзөмөлгө алынган».

Кочкор райондук оорукана
Кочкор районунун жалпы дарыгерлер практикалык борборунун стационардык жардам боюнча директордун орун басары Алима Артыкбаева даярдыктар тууралуу айтып берди:
«Ковид-19 оорусунун 4- толкуну күч алса Кочкор районундагы оорукананын медкызматкерлери толугу менен даяр. Кайрадан госпиталь, мобилдүү топтор, күндүзгү стационарларды ачууга даярбыз. Эң биринчи кезекте биз өтө оор абалдагы бейтаптарга стационардык жардам көрсөтүп, жеңил түрү менен ооруган адамдарга үй шартында дарыланууну сунуштайбыз жана амбулатордук медициналык жардам көрсөтөбүз. Ал үчүн соматикалык бөлүм толугу менен ремонттон өткөрүлүп, биринчи кабатта 32-орун, экинчи кабатта 30-орун даярдап койгонбуз.
Орундар шлюздар менен бөлүнүп, оперативдүү план боюнча иш жүргүзөбүз. Райондук оорукана керектүү дары-дармектер менен камсыз болуп, дарыгерлер атайын окуудан өтүшкөн. Азыркы учурда медициналык каражаттар жетиштүү (аба концентрациясы, дем алууга жардам берген аппараттар, пульсоксиметр) бузулуп калган каражаттарды оңдоп, толуктап турабыз.
Дарыгерлерди атайын коргоочу комбинезон костюмдар, респиратордук маскалар менен толугу камсыз кылууга иш алып бардык. Ооруканада жылуулук бериле баштады, бөлмөлөр жылуу жана бейтаптарга бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Көйгөйлөр тууралуу айтып кетсем, каражаттардын жетишпегендиктен биз суюк кычкылтек менен камсыз кыла албай жатабыз.
Нурия Карымбаева, Азиза Максатбек кызы