Ак-Талаа районунда COVID-19 илдети менен дарыланып жаткан бейтаптар жок жана эпидемиологиялык абал туруктуу. Бирок тургундар өздөрүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн дагы да болсо санитардык талаптарды, аралыкты сактоосу зарыл. Анткени алдыда илдеттин төртүнчү толкуну башталат деген божомолдор бар. Ошол себептүү ооруканадагы ар бир бөлүмдө бирден бөлмө күтүүсүз кырдаалдар үчүн даяр.
Ак-Талаа райондук дарыгерлер практикалык борборунун директору Азамат Дүйшөналиевдин маалыматына караганда ооруканада учурда дары-дарымектин, коргонуучу каражаттардын үч айга жетерлик кору бар. Мындан сырткары дары-дарымектерди сатып алуу үчүн тендер жарыяланды.
«Албетте илдеттин кайрадан башталышын каалабайбыз. Ошентсе дагы мүмкүн деп божомолдонуп жаткан толкунга дарыгерлер борбору даяр. Дарыгерлер жетишпейт. Бирок медицина кызматкерлери илдет башталгандан бери бир канча ирет мутацияланып, клиникасы улам өзгөрүп жатканына карабастан күтүүсүз кырдаалдарда ыкчам иш-аракеттерди жасоого үйрөнүштү. Тез жардам унаалары дагы жетиштүү. Азыр бешинчи протокол менен иш алып барып жатабыз»,- дейт.
«Ал эми райондун аймагындагы айылдарда илдетти дарылоого мүмкүнчүлүк жок. Бейтаптын абалы оор болгон учурда аралыктан консилиум өтүлүп, кеңеш берилет. Андан соң бейтап райондун борборуна алынып келинет. Дарылоо дагы атайын көрсөтмөгө ылайык жүргүзүлөт. Эгер илдеттен арылгыбыз келсе эмдөөдөн өтүшүбүз керек. Тилекке каршы ар түрдүү маалыматтар эмдөөгө тоскоолдук кылууда»,- деп кошумчалады.
Акталаада кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү белгиленди
Барчын Мамытбекова