Төлөк айылында Ковид-19 илдетин жуктуруп алгандар, аны менен катар каза болгондор да бар. Жай айларынды бул илдет тездик менен тарап, ооругандардын саны өсүп кеткен. Ал эми акыркы эки ай ичинде бул илдетти жуктуруп алгандар каттала элек.
Төлөк айылындагы №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы Гүлбара Жакебаева менен маектешкенибизде алгач КОВИД-19 илдети деген эмне ошол жөнүндө маалымат берип, аны менен катар андан сактануунун жолдорун да түшүндүрүп берди.

Гүлбара Жакебаева №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мед.айымы
«Бул илдет таажы сымал микроб болуп саналат. Бул адамга жукканда алгач алсыздыкты пайда кылат. Бул адамга жукканда анын алгачкы белгилери он төрт күндөн кийин гана билине баштайт. Бүгүнкү күндө бул илдетти жуктуруп алгандарда анын белгилери ар кандай болууда.
Коронавирустун симптомдору төмөнкүлөр: дене табынын жогорулашы, жөтөлүү жана энтигүү. Акыркы күндөрдө ич өтүү менен да коштолуп жатат. Дарттын оор учурларында инфекция өпкөнүн сезгенишин же дем алуунун кыйындашын пайда кылат. Сейрек учурда оору өлүм менен аякташы ыктымал. Бул симптомдор грипптин симптомдоруна окшош. Ошондуктан тигил же бул адамда COVID-19 бар экендигин тастыктоо үчүн анализ жүргүзүү талап кылынат.
Коронавирустун жугуу жолдору төмөнкүлөр: жөтөлүү жана чүчкүрүү учурунда аба аркылуу, ошондой эле вируска булганган жерлерди кармалагандан кийин бетке (көзгө, мурунга, оозго) кол тийгизүү аркылуу жугат. Коронавирус буюм-тайымдардын беттеринде бир канча сааттарга чейин жашай алат, бирок аны жөнөкөй эле дезинфекциялоочу каражаттар жок кыла алат.
Ошондуктан, антисептик колдонуу кажет. Аралыкты сактабаганда, маска тагынбаганда да көп жугат. Мына бүгүнкү күндө окуу да офлайн башталды, окуучуларды кудай сактаса экен деп тилеп жатабыз. Ал эми оорудан сактануунун бирден-бир жолу карым-катышты азайтсак, бир жерге топтошуп чогулбасак, маска, антисептикти колдонсок, аны да балдарга колдонууну үйрөтсөк. Бир аз сыркоолоп калсак сөзсүз дарыгерлерге кайрылгыла, үйдөн өз алдынча дарыланбагыла. Ооруну жуктуруп алгандар менен мамиле түзбөгүлө. Ушул эрежелерди сактасак сөзсүз ооруну жеңип чыгабыз.»
Ал эми бир айдан бери окуу офлайн болуп, мектепте окуу кызуу жүрүп турган мезгил. Окуучуларды ким көзөмөлдөп жатат, түшүндүрүү иштери жүрүп жатабы?- деген суроолор менен кайрылганыбызда, «Соң-Көл» орто мектебинин окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Адыл Назаров төмөнкүлөрдү билдирди:

Адыл Назаров окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары
«Бүгүнкү күндө мектепке 320дан ашык окуучу тартылган. Алардын арасында илдетти жуктуруп алгандар катталган эмес. Окуучуларды эртең менен класс жетекчиси көзөмөлдөп турат. Ар бир класста ден соолугу боюнча журналдар уюштурулган. Ага күндө дене табы жазылып турат. Балдар өспүрүмдөр уюму маска тагынуу, аралыкты сактоо боюнча көзөмөл жүргүзүп турушат. Андан сырткары, айылдык ФАПтын кызматкерлери келип, класстарга түшүндүрүү иштерин жургузуп турушат. Дээрлик окуучулар мектепке толук келишүүдө. Сыркоолоп калса ата-энелер класс жетекчилер менен кабарлышып, билдирүү беришет.
Ал эми окуучуларга айта турган кеп-кеңешим: Мектепке күнүгө маска,антисептик менен келгиле, аралыкты сактагыла. Ата-энеңерди ээрчип той-топурларга барбагыла, ар бир жарым саат сайын колуңарды антисептик менен тазалап тургула. Масканы 2сааттан ашык тагынбагыла, сөзсүз бир-эки маска менен келгиле, же болбосо көп убакытка жарай турган маскаларды колдогула. Бул эрежелерди мугалимдер да аткаруусун сунуштайм. Балдар үчүн, келечек үчүн кайдыгер карабагыла дейм.»
Айпери Марлес кызы