Өлкөдө COVID-19ду жуктургандар көбөйө баштады. Адистердин айтымында вирус жай мезгилинде күч алат. Ковид-19 мутацияланып жатат мындан улам жаңы штаммдар чыгышы мүмкүн. Ковид менен ооруп калгандан дагы ал калтырып калган из коркунуч жаратат. Ал көп органдарга таасирин тийгизип бир катар ооруларды козгошу мүмкүн. Эмдөө оорунун татаалдашып кетүүсүнөн жана өлүмдөн сактайт.
Өлкөдө COVID-19ду жуктургандар көбөйө баштады. Адистердин айтымында вирус жай мезгилинде күч алат. Ковид мутацияланып жатат мындан улам жаңы штаммдар чыгышы мүмкүн.
Коронавирустук инфекцияга каршы вакцина албагандар, өлүмгө дуушар болуу тобокелдигине кабыларын адистер айтып келишет. Дарыгер, иммунолог Гүлзат Дыйканбаеванын дагы айтымында ковидден улам ооруканада дарыланып жаткандардын басымдуу бөлүгү эмдөөдөн өткөн эмес:
“27-июндан баштап 3-июлга чейин 48 учур катталды алардын басымдуу бөлүгү Бишкекте болуп жатат. Булардын ичинде чет өлкөгөдөн келген биздин жарандардан ковид-19 аныкталды. Бизде ортодо ковид аныкталбай калганда кадимкидей бул ооруну унута түштүк. Санитардык эрежелер сакталбай, эмдөө туурасында дагы эл таптакыр эле унутуп койду. Биздин аң сезим ушундай экен эпидемологиялык абал курчуп турган учурда коркуп кадимкидей эмдөөнү эстеп, ага барып калабыз. Ал эми абал жакшы болуп калса эмдөөгө келбей коюп жатышат.”
Учурда Кыргызстанда кытайдан келген «Синофарм» вакцинасы бар. Июлдун ичинде “Файзер” вакцинасы келери күтүлүп жатат. Дарыгер иммунолог Гүлзат Дыйканбаева оорунун алдына алуу аны жеңил өткөрүүнүн жалгыз гана жолу эмдөө экенин белгилейт:
“Биз бул ооруну жамааттык эмдөө 70%га жетсе жеңе алабыз. Бизде болсо, азыр жамааттык иммунитет 20% түзөт. Учурда өлкөдө бардык адамдарга жетиштүү өлчөмдө жеткиликтүү вакцина бар:
“Ар бир вакцина болобу дары дармек колдонууга берилерден мурда изилдөөлөрдөн өтөт. Биз колдоноордон мурда бир канча ирет текшерүүдөн өтүп коопсуздугу, натыйжалуулугу текшерилет. Андыктан эч күмөн саноонун кажети жок. Тез арада жасаганы болсо, учурдагы илим менен техниканын жетишкендиги деп кана түшүнүү зарыл.”
Пандемия бүтө элек: Кыргызстандыктарды тез арада вакцинаны алууга чакырышууда
Ковид-19га ПЧР-тест тапшыруу үчүн кантип даярдануу керек?
Айгерим Кубатбекова