Ковид-19ду аныктоо үчүн ПЧР-тест тапшыруу талап кылынат. Ал эми кээ бир учурларда оорунун бардык белгилери бар болсо дагы эмне үчүн ПЧР-анализ терс жыйынтык көрсөтөт? Эмне үчүн башка жакка учканда эмдөө тууралуу сертификат болсо да ПЧР-тест талап кылынат? ПЧР-тест тапшырууга кантип даярдануу керек алдыда кенен айтып беребиз.
ПЧР-тест тапшырууга кантип даярдануу керек?
Изилдөө үчүн мазок тамак бездеринен, таңдай жана кулкундан алынат. Үлгү мурун көңдөйүнөн алынганда зонд жетишерлик тереңдикте киргизилет. ПЧР-тесттин жыйынтыгынын тактыгы мазок алуу эрежелерин сактоодон көз каранды.
Кулкундан мазок алардын алдында кеминде 3 сааттай:
Мазок алууга 2 күн калганда алкоголдук ичимдиктерди ичпей туруу сунушталат.
Эмне үчүн башка жакка учканда эмдөө тууралуу сертификат болсо да ПЧР-тест талап кылынат?
Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн өлкөлөрдө кургакта, аба жана темир жол аркылуу чек араларды кесип өтүүдө COVID-19 үчүн милдеттүү ПЧР-тести сакталып калууда. Кыргызстанга киргенде жарандар ПЧР-тестинин терс жыйынтыгын же толук эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу күбөлүк көрсөтө алышат. Бирок, мисалы, Европа өлкөлөрү жана Кыргызстанга коңшу мамлекеттер (Россия, Казакстан ж.б.) коронавируска каршы эмдөө сертификатына ээ болгонуна карабастан, ПЧР-тесттин терс жыйынтыгын талап кылат. Тилекке каршы, Кыргызстан сыяктуу көптөгөн мамлекеттер калктын 70% эмдөөнү камсыздай элек. Андыктан эл көп чогулган жерлерде – аэропорттордо, бекеттерде ж.б. SARS-CoV-2нин белгилери байкалбай алып жүрүүчүлөрдүн болуу коркунучу бар. Алар башкаларга, анын ичинде эмделген жарандарга коркунуч жаратышы мүмкүн. Коронавируска каршы вакцина иммунитетти өнүктүрүүгө жардам берет, катуу оорудан, татаалдашуудан жана өлүмдөн коргойт. Ошол эле учурда, белгилүү болгондой, ковидге каршы вакцина өмүр бою сакталуучу иммунитетти пайда кылбайт. Коронавирус инфекциясын жугузуу коркунучун кыйла азайтуу үчүн жамааттык иммунитеттин зарыл болгон деңгээлине жетишүү маанилүү.
Омикрондун бардык белгилери бар болсо дагы эмне үчүн ПЧР-анализ терс жыйынтык көрсөтөт?
Айгерим Кубатбекова