Пандемия учурунда кош бойлуу болуу канчалык кооптуу? Андан тышкары кош бойлуу айымдар ден-соолугуна кандай көңүл буруусу керектиги тууралуу үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери айтып берди.
«Кош бойлуу аял COVID-19 оорусун жуктуруп алуу кооптуу. Ал аялдын өзүнө байланыштуу. Аял киши кош бойлуу учурунда гормондор нормасынан көбүрөөк иштеп чыгарат. Натыйжада организмде өзгөрүүлөр пайда болот.
Кулатов айылында 2021-жылында Covid-19 вирусун жуктуруп алган 14 кош бойлуу аялдарда кездешкен. Себеби алардын жуктуруп алган убагы 3 айлыкта жуктурганына байланыштуу балдардын саламаттыгы жакшы төрөлдү.
COVID-19 жуктуруп алган кош бойлуу аялга эң биринчи психологиялык, моралдык жактан жардам берүүбүз керек. Оорууну көбүнчө 3 айлык боюнда барда кездешет. 3 айга чейин аял назик, токсикоз учуру болгондуктан, 3 айга чейин бала боюнан түшүп калуу да мүмкүн. Эгерде аялдын организми толук кандуу жакшы болгон болсо анда ал ооруну жеңүүгө мүмкүнчүлүк болот.
Кош бойлуу аялдарга вакцина алуу менимче туура деп ойлойм. Анткени организмдеги жок нерсе сырттан келе турган болсо организм күрөшө албайт. Ооруну жуктуруп алган аял толук кандуу тамактануусу зарыл. Себеби организмде 1-этабы өзүнө, 2-этабы баласына кетип жаткандыгы үчүн организм алсыздана баштайт.
COVID-19 жуктуруп алган аялдын симптомдору:
1. Дене табын жогорулашы
2. Алсызданышы
3. Баланын жайгашкан орду ылдыйлап кетиши
Мындай симптомдор байкалган болсо үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылуу зарыл. Бул учурда туура тамактануу жана кыймылды көбүрөөк жасоо сунушталат. Бат-баттан дарыгердик көзөмөлдөн өтүүсү керек.»
Оорунун алдын алуу чаралары:
• Коргонуучу жеке каражаттарды тагып жүрүү (беткап)
• Колду бат-баттан жууп туруу
• Жогорку дем алуу жолдорун былжыр челин туздуу суу менен чайкап туруу
• Турак жайдагы температуралык режимди 18-20 градуста сактоо
• Оорунун билинер билинбес белгилери байкалган болсо, үйдөн чыкпоо сунушталат.
Чынара Көчкөнбаева