Т.Кулатов айылындагы Т.Айбашев атындагы орто мектебинде Ковид-19 илдетине карата окуучуларга бардык санитардык-гигиеналык эрежелерин сактоого калыптандыруучу атайын тарбиялык сааттар өтүлүп, залдарга эстеткичтер илинген.
Т.Айбашев атындагы орто мектептин директору Замира Нурдинова:
«Мектепте окуучулар коронавирус оорусу менен таанышышкан. Оорунун алдын- алуу эрежелерин да так билишет, аларды сактаганга аракет кылышат. Эртең менен сабакка келгенде ар окуучунун дене табы текшерип, окуучулардын ден- соолугуна байкоо жүргүзүлөт. Эгерде дене табы жогору экени байкалса, дароо ата-эне менен байланышып, ФАПка жиберилет. Ал жерде дарыгердин көзөмөлүндө болушат. Окуучуларга тарбиялык сааттар өтүлдү, омикрон штаммы менен таанышып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Тамактануу учурунда ар бир окуучу колун самын менен жууп, жугушсуздандыруучу каражаттарды колдонуп, ашканага киришет.»
Мектепке келген окуучулар төмөнкү эрежелерди сакташат:
• Мектепке келген ар бир окуучуда экиден маска, колду жугушсуздандыруучу каражат, нымдуу кол аарчы милдеттүү түрдө болуусу шарт.
• Окуучулар сабактар ортосунда класстарды ачып, желдетип, нымдуу тазалоо жүргүзүп турушат.
• Мектепке биринчи саатта келген окуучулардын дене табы өлчөнүп, эгерде дене табы жогору болсо кайра үйлөрүнө жиберилет.
• Сасык тумоо, жөтөл же ж.б. ооорулар окуучуларда байкалса, ата-энелер менен байланышып, ооруканага жиберилет.
• Ооруп келбей калган окуучуларга онлайн тапшырмалар берилип турат.
Студенттер вакцинациянын үчүнчү дозасын алууда
Эки айылдын жашоочулары Кызыл-Кыяга баруучу жолду кеңейтүүдө
Чынара Көчкөнбаева