2020-жылы пандемия башталганда Кочкор районунун маданият бөлүмүнө да чоң таасири тийген. Маданий иш-чаралар өткорүлбөй, ал эми конкурстар онлайн түрүндө өтө баштаган. Убакыттын өтүшү менен азыр кайрадан маданият кызматкерлери көптөгөн иш-чараларды пландап өткөрө баштады.
2020-жылы Кыргызстан боюнча массалык маданий иш-чараларга чектөө киргизгенине байланыштуу, Кочкор районундагы Маданият үйүндөгү кызматкерлерден массалык маданият иш-чараларга жана алардын чыгармачылыгына кандай таасир бергени боюнча маалымат алдык.
Маданият үйүнүн маданият бөлүмүнүн жетекчиси Жаз Айым Айдекова ковид-19 оорусу кандай таасир бергени боюнча кыскача маалымат бере кетти:
«Адамдын болгон психологиялык жагынан же болбосо адамдын ар тарабынан терс гана көрүнүштө терс тарабын көрсөттү десем болот. Азыр эми ошол нерседен согуш каптаган апааттан өткөндөй эле болдук. Биз аябай кыйын кырдаалдан чыктык деп айта алам. Ушул биздин мекемеге дагы карантин убагында биздин иштерибизге абдан чоң таасирин тийгизди. Мисалы, көптөгөн спектакль, концерт жана башка иш-чараларды токтотууга мажбур болдук, бирок ар кандай фестиваль, конкурстарды онлайн режиминде өткөрүлдү. Ал эми азыр кудайга шүгүр, бардыгы жакшы. Учурда Кочкор районунда эң сонун иштер жүрүп жатат, буюрса алдыда көптөгөн пландар бар жана аларды ишке ашыруу максатында турабыз.»
Маданият үйүнүн маданият борборунун директору Сүйүндүк Сандыбаев:
«Жекече мен чыгармачылык менен алектенем. Карантин учурунда жумушту онлайн иштечүмүн. Бирок андан тышкары өзүм комуз, аккордеон ойнойм. Бош убактымда ар түрдүү күүлөрдү ойноп турчумун. Кээде WhatsApp аркылуу сүйлошүп мага ыр боюнча кайрылып турушчу. Аларга ырдын обонун таап же болбосо нотасын жиберчимин. Менин оюмча бош убактымды жакшы өткөрдүм десем болот.»
Маданият үйүнүн театр бөлүмүнүн директору жана актер Талантбек Мусаев алдыда боло турган пландар менен бөлүшө кетти:
«Буюрса алдыда боло турган пландар көп. Ушул 16-февраль спектакль болуп өтөт. Спектаклге Министирликтен кишилер келип көрүп кетишет. Алдыда март айынын 10-15теринде Чынгыз Айтматовдун «Ак кеме» чыгармасы боюнча спектакль болот. Андан соң, быйыл драматург Токтогул Абдымомуновдун 120 жылдыгына арналган фестиваль күзүндө болуп өтөт.»
Максатбек кызы Азиза, Рысбек кызы Керез