Балыкчы шаарындагы Э.Думанаев атындагы маданият үйүндө Аталар күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты — үй-бүлөдөгү атанын ордун даңазалоо, аталарга болгон урмат-сыйды арттыруу жана жаш муунга ата-энени сыйлоонун маанисин жеткирүү болду.
Майрамдык кеченин жүрүшүндө маданият кызматкерлери жана жаш таланттар тарабынан концерттик программа тартууланып, аталарга арналган ырлар аткарылып, бийлер коюлду. Кечеге келген конокторго майрамдык маанай тартууланып, аталарга карата жылуу каалоо-тилектер айтылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө шаардагы үлгүлүү аталарга ыраазычылык билдирилип, алардын үй-бүлөдөгү жана коомдогу орду тууралуу да сөз болду.
Кечеге келген коноктор майрамдык программаны жылуу кабыл алып, иш-чара шаңдуу маанайда өттү.
Макалага байланыштуу сүрөттөр жана айрым маалыматтар Балыкчы шаардык маданий үйүнүн социалдык тармактагы баракчасынан алынды.

Даярдаган: Зубарджат Жалилова