Фейк- англис тилинен которгондо жасалма, жалган, калп деген маанини билдирет. Азыркы учурда социалдык тармактарда фейк маалыматтардын түрлөрү абдан көп. Алардын кайсынысы калп, кайсынысы чын экенин ажыратуу да өтө кыйын.
Пандемия башталгандан бери интернет айдыңында Ковид-19 жана вакцина тууралуу жалган маалыматтар кескин көбөйдү. Бул фейк маалыматтарга кээ бир адамдар ишенип вакцина алуудан баш тарткан учурлар аз эмес. Тескерисинче жалган маалыматтарга ишенбей вакцинаны өз учурунда алгандар да көп кездешет. Айыл тургундарынын ой-пикирин билүү максатында аларга суроо узаттык.
Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин мугалими Мээрим Кыдыкбаева фейк маалыматтарга ишенбейт:
«Фейк маалыматтарга ишене бербейм, анткени социалдык тармактарга жарыяланган маалыматтардын бардыгы эле чын эмес. Өз убагында эмдөөдөн өттүм, жакында 3-дозасын алдым. Ооба, эл арасында ар кандай терс сөздөр чыгып атат. Мисалы, албай эле койсоң болмок, зыян экен деген сыяктуу. Вакцина алгандан кийин терс таасири болгон жок. Калп маалыматтарга ишенбей вакцинаны өз убагында алган туура деп эсептейм.»
Өзүнүн атын атагысы келбеген айыл тургуну вакцина жөнүндөгү маалыматтарга толук ишенет:
«Пандемия башталгандан бери интернетте вакцинанын зыяндуулугу тууралуу ар кандай маалыматтар чыгып атат. Бул маалыматтарга толук ишенем, себеби маалымат деле жөндөн жөн чыга бербейт да. Өзгөчө видео аркылуу көргөндөн кийин вакцина албайм деп чечтим. Досторум, жакын адамдарым эмдөөдөн өтүп жатышат. Бирок алар деле мени ынандыра алган жок».
Айзада Кожомберди кызы вакцинаны сөзсүз түрдө вакцина алыш керек деп эсептейт:
«Вакцинанын 1-2-дозасын алдым. Ден-соолугума терс таасирин тийгизген деле жок. 3-дозасын март айында алам. Фейк маалыматтарга ишенбейм, себеби мунун баары калп экенин билем. Тескерисинче вакцина албагандар көбүрөөк ооруп жатышат. Вакцина алгандан бери бир да жолу ооруган жокмун. Ошондуктан вакцинанын зыяны жок экенине толук ишенем».
Ал эми айыл тургуну Аман Бакытбек уулу башында фейк маалыматтарга ишенгем дейт:
«Атым Аман.30 жаштамын. Вакцина ала элекмин, себеби фейк маалыматтарга ишенип эмдөөдөн баш тарткам. Азыр алайын деп дарыгерге барсам, 1-2- дозасын алмайынча 3-дозасын алганга болбойт деген жооп айтты. 1-2- дозасы азырынча жок экен. Учурда сасык тумоолоп атам. Балдарым кичинекей, аларга жугузуп албайын деп кооптонуп атам. Жалган маалыматтарга ишенбей убагында алсам болмок экен деп өкүнүп калдым».
Салкынай Максатбек кызы