Ат-Башы районунун Ой-Терскен орто мектебинин 11г-классынын окуучусу Гүлсүнай Токтобаева экинчи ирет «Кыргызстандын мыкты окуучусу-2022» сынагында жеңүүчү болду. Ал окуучуларды бир дагы мүмкүнчүлүктү кое бербеш керектигин өз маегинде билдирди.
«Мен катышкан «Кыргызстандын мыкты окуучусу» сынагы 2020-жылы «Намыс-Ысык-Көл» коомдук фондунун башкы мүдүрү Жакшылык Бекназаров негиздеген. Сынакка өлкөбүздүн 7 облусунан ар тараптуу окуучулар катыша алышат. Сынактын максаты Кыргызстандын келечек муундарынын өнүгүп, өсүшүнө шык берүү.
Бул сынакка былтыр дагы катышып биринчи орунду алгам. Бул жылы да катышып көрүүнү чечип өзүм жөнүндө билдирүү жибердим. Сынактын жобосуна ылайык окуучу өзүнүн өмүр баянын, сүрөтүн, жетишкендиктери тууралуу маалымат жана «Менин максатым» аттуу дил баян жазуу керектелген.
Кудайга шүгүр сынактан өтүп I даражадагы диплом, төш белги, күбөлүк жана «Кыргызстандын мыкты окуучусу-2022» китеп жыйнагы менен сыйландым жана ал китептеги тизменин катарын толуктадым.
Сыйлоо аземи борбор шаарыбыз Бишкекте, улуттук «Касымалы Баялинов» атындагы китепканада 11-февралда болуп өттү. Сыйлоо аземинен тышкары уюштуруучу топ окуучуларды «Салымбеков» университетине,Улуттук Тарых музейине, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине экскурсияга чыгарышты.
Албетте, ар бир сынакка катышып жатканда ийгиликке жетсем экен деп ойлойбуз. Кудайга шүгүр максатыма жеттим. Аябай кубандым. Учурдан пайдаланып мени колдогон ата-энеме, жакындарыма, агай-эжелериме, Ой-Терскен орто мектебинин жалпы жамаатына жана сынактын уюштуруучулар тобуна терең ыраазычылыгымды билдирем.
Окуучуларга айтаарым бир да мүмкүнчүлүктөрү колдон чыгарбай, так максат коюп, күчтүү каалоо, талыкпас эмгек, жана аракет менен коюлган максатына умтулууга чакырам».
Асель Уркунбаева