Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жайыт иштери пандемиялык кырдаалга карабастан иш мерчемдерге ылайык жүргүзүлүп жатат. Анткени жайыт иштери көпчүлүктүн катышуусу менен жасалбайт.
Баетов айылынын жайыт комитетинин башчысы Медер Асаналиевдин айтымында комитетте үч киши эмгектенет.
Медер Асаналиев-Баетов айылынын жайыт комитетинин башчысы
«Жолдорду оңдоо иштерине техниканын айдоочусу менен 2-3 киши гана барып тийиштүү жерлерди оңдоп келебиз. Илдет чыкты деп отура берсек жайлоого кетчү жолдор оңдолбой калат. Жол оңдолбосо малчылар жайлоого көчүүдө кыйынчылык жаратат. Улам карап суу жеп кеткен жерлерди оңдоп турабыз. Ошондой эле илдетти алдын алуу үчүн медицина кызматкерлери менен бирдикте жайлоолорду кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз. Ал эми малчылар ооруп калган учурда өзүм барып алып келем»,- дейт.
Ал эми Баетов айылынын тургуну, жайыт пайдалануучулардын бири Жээнбек Ташматов COVID-19 илдетин алдын алуу үчүн эмдөөдөн өткөн эмес.
Жээнбек Ташматов-Баетов айылынын тургуну
«Бул илдет биздин ишибизге тоскоолдук жаратпайт. Анткени бадачылар жаз келгенден баштап, эле жаздоого андан ары жайлоого чыгып кетебиз. Айылда, эл арасында азыраак болгондуктан жугузуп алабыз деп кооптонгон жокмун. Ал эми малды эмдөөдөн өткөргөндүгү тууралуу маалым каты менен алабыз»,- деди.
Баетов айыл аймагындагы башка жаңылыктар менен дагы таанышыңыз
Барчын Мамытбекова