Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында 11-февраль күнү элдик жыйын болуп өттү. Анда жылдык отчёттор берилип, бир катар маселелер көтөрүлдү.
Элдик жыйынга райондун акими, акимдин орун басары, бир катар мамлекеттик структуранын өкүлдөрү катышты. Аталган айылдын айыл башчысы Адилет Жумалиев, жайыт комитети Мирлан Норузбаев жылдык отчетторун беришти. Аны менен катар аким жана мамлекеттик структуранын өкүлдөрү элдердин көйгөйлөрүн угуп, ар кандай суроолорго жооп беришти.
Анда сугаттын суусу боюнча маселелер көтөрүлүп, тиешелүү өкүлдөр жооп беришти. Дагы бир элди ойлонткон чоң көйгөйлөрдүн бири- бул жерди трансформациялоо боюнча болду. Себеби бул маселе көптөн бери чечилбей келет. Генералдык план түзүлмөйүнчө ал жерлер трансформация болбой турганын жана аны түзгөнгө бюджет тартыш экендиги айыл өкмөтү билдирип, 2-3 жыл аралыгында бөлүп тапса болоорун айтты. Ал эми аким өз сөзүндө жогорку жактагы министрлерге бул маселе боюнча кайрылгандыгын жана жооп келсе эле бул маселе карала тургандыгын билдирди.
Андан тышкары Көөнөрбөс Мурас уюмунун жетекчиси Бегайым Мурзалиева дагы жаратылышты коргоодогу иштерин айтып, көйгөйлөрдү көтөрүп, пландары менен бөлүштү.
Ушул жыл ичинде жакшы иш алып барган айыл тургундарына, анын ичинде малчыларга, көмүр тартыш учурунда көмүр менен камсыз кылгандарга, айыл ичинде иш алып баргандарга ардак грамоталар, ыраазычылык каттар тапшырылды.
Асел Үркүнбаева