Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо жана Ала-Буга айыл аймактарында айыл өкмөт башчыларынын отчеттук жыйындары өтүп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме жетекчилери жана айыл тургундары катышты.

Алманбет Акматов-Тоголок Молдо айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы

Абдымалик Сулайманов-Ала-Буга айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы

Ала-Буга айыл аймагынын тургундары

Мирлан Камчыбеков-район аким суроолорго жооп берүүдө. Конорчок айылы



Мекеме жетекчилери тиешелүү суроолорго жооп беришти



Ала-Буга айыл аймагына караштуу Конорчок айылыны тургундары
Жыйындарда айыл өкмөт башчыларынын 2025-жылы аймактарда аткарылган иштер-долбоорлор, тартылган инвестициялар, жарыктандыруу, салыктын аткарылышы ж.б жетишкендиктер менен бирге эле айылдардагы эскилиги жеткен социалдык обьектилер, таза суунун жетишсиздиги, айыл аралык жолдордун абалы, суу каналдары өңдүү көйгөйлөр да кеңири айтылды.


Ала-Буга айыл аймагы, Конорчок айылы

Аймактардын тургундары жер мунапысы, турак-жай үчүн жердин трансформациясы, аягына чыкпай турган долбоорлор, жайыт жолдору ж.б боюнча суроо-талап коюшуп, акимден жана тиешелүү тараптардан жооп алышты.
Өз кезегинде аким М.Камчыбеков ар бир жыйында көтөрүлүп жаткан маселелер көз жаздымында калбай, чечүүгө жана чечилишине аракеттер көрүлөрүн, ошол эле учурда ар бир жаран мамлекет алдында өз милдеттерин аткарууга тийиш экенин баса белгиледи.
Эскерте кетсек, мындай отчеттук жыйындар Кара-Бургөн, Баетов айыл аймактарында жана ар бир айылда өткөрүлөрү белгилүү болду.
Барчын Мамытбекова