Эки жыл мурун пандемия башталгандан бери бардык өлкөлөрдө карантин киргизилип, анын ден-соолук үчүн гана эмес, экономикалык кесепетин азыркы күнгө чейин көрүп келе жатабыз. Анын таасири Ача-Кайыңды аймагынын жайыт комитетинин дагы ишинин жүрүшүнө тоскоолдуктарды жараткан.
Бул тууралуу өз маегинде Ача-Кайыңды жайыт комитетинин төрагасы Мирлан Норузбаев айтып берди.
«Биздин негизги милдеттерибиздин бири жайытты туура жайгаштыруу, малчыларга бөлүп берүү, андан тышкары жайытты өнүктүрүү жана туура пайдалануу боюнча иштерди алып баруу болуп эсептелет.
Мирлан Норузбаев жайыттарды кыдыруу учурунда
Бирок акыркы жылдары, пандемия башталгандан бери, жайытты өнүктүрүү жаатында анчалык көп иштерди алып бара албай калдык. Себеби, көптөгөн долбоорлор ишке ашпай калды. Анын бири, мал чарбачылыгын өнүктүрүү фондунун 4 этаптан турган долбоорунун акыркысы ишке ашпай калды. Биринчи этабында ветеринардык пункт курулган, экинчи этабында атайын жол курууга жана оңдоого болгон техника алганбыз. Бул дагы жайлоого барган жолдорду оңдоо максатында алынган.
Долбоордун экинчи этабында атайын техника алганбыз
Андан кийин үчүнчү этабында койлордун жүнүн кыркуучу аппараттарды алганбыз. Ал эми төртүнчү этабында жайыттарды жакшыртуу боюнча иш алып бармакпыз. Маселен, кандайдыр бир участокту коруп, ал жерге баалуу чөптөрдү отургузуу, деградация болгон жерлерди коруп, эс алдыралы деген пландарыбыз бар болчу. Бирок тилекке каршы пандемия башталгандан бери көпчүлүк долбоорлор артка тартылды. Бюджетте дагы жайытка каралган жетиштүү каражат жок болуп жатат.
Жайлоодо өскөн чөптүн сапатын жакшыртпаса, жылдан-жылга начарлайт
Ача-Кайыңды жайлоо өнүктүрүү долбоорунун алкагында жайлоо бала бакчасы ийгиликтүү уюшулуп келген болчу. Аны дагы пандемия башталгандан бери уланта албай калдык.
Асел Үркүнбаева