Сокулук районундагы Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Восточный айылынындагы Жаңы-Жер №2 толук эмес орто мектебинин мугалимдери USAIDдин «Окуу керемет» долбоорунун алкагында пилоттук программаны бүткөндүгүнө карата сертификаттарды, ыраазычылык каттарды жана сыйлыктарды алышты.
Восточный айылындагы №2 толук эмес орто мектебинин мугалимдери
USAIDдин «Окуу керемет» долбоору Кыргызстанда башталгыч мектептердеги 300 миң окуучунун математика жана окуу сабактары боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 1687 мектепте ишке ашырылып жатат. Бул боюнча маалыматты долбоордун улуттук тренери Сүйүн Абдыбекова төмөнкүчө билдирди:
Окуу бөлүмү боюнча директордун орун басары Сүйүн Абдыбековна, «Окуу керемет» долбоорунун улуттук тренери болду
“2021-жылдын 12-январынан баштап, долбоорду иш жүзүнө ашыруу үчүн Бишкек шаарындагы жана Чүй облусунун 30 пилоттук мектеби тартылган.
Долбоор иш жүзүндө төмөнкү этаптарга бөлүнгөн:
1. Башталгыч класстардын мугалимдерине долбоордун модулдарын окутуу;
2. Кайтарым байланыш, ачык сабактарга катышуу;
3. «Математика түшүнүү менен» (Математика с пониманием) тренинг уюштуруу
Биздин мектептен жалпы 6 башталгыч класстын мугалимдери катышып, Математика сабагында “Түшүндүрүү жана негиздөө” жаңы стратегиясын өздөштүрүшүп, ментордук колдоо менен байма-бай ачык сабактарды берип турушту.
«Окуу керемет» долбоорунун алкагында уюштурулган сабак учурунда
Бул долбоордун жыйынтыгы менен биздин мугалимдер сабак учурунда жаңы стратегияларды эффективдүү колдонуп, практикада иш тажрыйбаларын көрсөтө алышты. Натыйжада окуучуларга жаңы ыкмалар менен сабак өтүүгө өбөлгө түзүлдү.
Бул долбоор математиканы окутууда базалык жана функционалдык математикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган улуттук тренерлер үчүн 4-күндүк тренингдерди өткөрүп, учурда 424 улуттук тренерлер өлкө боюнча 14 000 мугалимди 2022-жылдын январь айынан баштап окутууга киришти.”
Турсун Омуралиева