Ковид-19 вирусуна каршы эмдөөнүн 3- турунан биринчи кезекте дарыгерлер жана медайымдар өтүштү, ал эми экинчи кезекте эмдөөдөн билим берүү тармагында иштеген кызматкерлер, тактап айтканда мугалимдер жана бала бакча тарбиячылары өтүп бүтүштү. Себеби бул категориядагы адамдар көпчүлүк менен иштегендиктен, эмдөөдөн өтүүсү зарыл.
Агай-эжейлердин канча пайызы эмдөөдөн өтүштү деген суроо менен Кочкор районундагы Кара-Суу айылында жайгашкан Сыдык Үркүнчиев атындагы №11 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы Салтанат Айдарбековага кайрылдык.
Салтанат Айдарбекова- медайым
«Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде 41 мугалим, 12 техникалык кызматкер эмгектенет. Учурда эмдөөнүн 3-дозасын 23 педагог, 3 техникалык кызматкер алышты. Мугалимдерден 13 киши азырынча эмдөөдөн өтө элек- убактысы келе электер 7, алардын ичинен ден соолугуна байланыштуу, кош бойлуу, бала эмизген-жалпы 6 киши эмдөөдөн такыр өткөн жок. Азыркы учурда да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Эмдөөдөн өтүү вирусту алдын алуунун бирден бир натыйжалуу жолу».
Рахима Султакеева- башталгыч класстын мугалими
Ал эми ушул эле мектептин башталгыч классынын мугалими Рахима Султакеева эмдөөдөн өтүү абдан маанилүү экенин айтты:
«Ковид-19 вирусуна каршы эмдөөнүн бардык дозасын өз убагында алдым. 3-дозасын алганыма 15 күн болду. Вакцинаны алгандан кийин өзүмдү жакшы сезип аттым, эч кандай терс таасирин сезген жокмун. Вакцина биздин организмге иммунитет пайда кылат. Социалдык тармактарда туура эмес маалыматтар жүрөт, аларга ишенбеңиздер. Ар бир жаран вакцина алууга милдеттүү деп ойлойм. Өзгөчө мугалимдер 100 % эмдөөдөн өтүшүбүз керек, анткени биз окуучулар менен иштейбиз. Эмдөөдөн өтө элек кесиптештеримди сөзсүз түрдө эмдөөдөн өтүүгө чакырат элем».
Илимбек Рысбеков