Пандемия башталгандан тартып көпчүлүк кароо сынактар да аралыктан өтүп, окуучулар арасында нааразычылыктар көп. Себеби, окуучулар бетме-бет таймашып, өзүлөрүнүн жеке катышуусунда өткөн сынактар таза өтөт деп ишенишет.
Пандемия учурунда интеллектуалдык кароо сынактарына онлайн форматта катышып келген окуучуларда дал ушундай көйгөйлөр да пайда болууда.
Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде “Манас таануу” телетаймашынын райондук туруна аттанган окуучулар сынакка аралыктан катышышкан. Алар аралыктан сынакка катышуу абдан өкүнүчтүү экендигин айтышууда.
«Таберик тобу». Солдон оңго карай Таазим Шайымкулова, Акбермет Руслан кызы, Айдеми Асанова
“Бизге аралыктан сынакка катышуу жаккан жок. Себеби, кээ бир учурларда интернет тартпай калат экен. Окуучулар жооп берген учурда калыстар тобу укпай калып, кайра кайталап жооп бергенге туура келип жатты. Чынында мындай сынактарда катышуучулар бетме-бет отуруп, бири-биринин билимине жакындан күбө болсо, утулуп калган учурда да кайгырышпайт. Анткени, атаандаштардын билимин өз көздөрү менен көрө алышат. Ал эми аралыктан өткөндө баары бир атаандаштар арасында сынактын таза өткөнүнө ишенбей кетет экенбиз”,-дейт Айдеми Асанова.
Гүлжан Мусабекова
Ал эми сынактардын онлайн форматта өтүүсү тууралуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Гүлжан Мусабекова төмөнкүлөрдү айтты:
«Пандемия учурундагы аралыктан окуу, даярдануу жана телетаймаштардын аралыктан өтүүсү бизге аябай терс таасирин тийгизди. Биз жеке эле өзүбүздүн ден соолугубузга кам көрүү эмес, окуучулардын да коопсуздугун ойлоп, телетаймашка онлайн даярдандык. Чындыгында өтө жакшы натыйжа бере алган жок. Себеби, эпосто окуучуларга тааныш эмес сөздөр абдан көп. Окуучуларга аларды өз алдынча талдоо, түшүнүү чындыгында кыйын.
Азыркы убакта «Таберик» командасы менен даярдыктарды көрүп жаткан учурубуз. Буюрса таймаштар аралыктан эмес, окуучулардын бетме-бет өз билимдерин сынашат деген ишеничтебиз!».
Акылай Алмазбекова, Эркеайым Замирбек кызы