Кызыл-Кыя индустриалдык педагогикалык колледжинин студенттери вакцинанын 3-түрүн алышты. Үй-бүлөлүк дарыгерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, 70-80% студенттер эмдөөдөн өтүштү. Азыркы учурда абал туруктуу.
Вакцинациядан өтүп жаткан учур
Сонунгүл Рахманова
Кызыл-Кыя индустриалдык педагогикалык колледжинин 3-курсунун студенти Сонунгүл Рахманова:
«Азыркы учурда колледжде абал туруктуу. Оорулуулар дээрлик жокко эсе. Үй-бүлөлүк дарыгерлер Covid-19 вирусуна каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Эмне үчүн вакцинаны алуубуз керек? Кандай учурда оорулуунунун алдын алабыз? Ушул сыяктуу суроолорго жооп ала алдык. Оорунун алдын алууну үйрөнө алдык.
Вакцинаны 18 жаштан жогорку студенттерге сайылды. Үй- бүлөлүк дарыгерлер колледжге барып, өздөрү вакцинадан өткөрүштү. Каршылык көрсөткөндөр да жок эмес. Студенттер өз ыктыяры менен эмдөөдөн өтүштү. Вакцина өнөкөт ооруулары бар студенттерге берилген жок. 1-курстан жогорку студенттерге берилди. Дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп, андан кийин алынды. Мен өзүм вакцина алдым, эч кандай каршылыгым жок.
Колледжде санитардык абал сакталат. Ар бир студентте жеке коргонуучу каражаты болуусу керек беткап, антисептик каражаттары менен сабакка катышабыз. Covid-19 күчөгөн мезгилде аралыктан окудук. Аралыктан окуу студенттерге бир топ оорчулук жаратты. Ал эми азыр абал туруктуу. Оорулуулар жок. Колледжде 70-80% студенттер вакцинациядан өттү.»
Дарыгерлер түшүндүрмө берип жаткан учур
Дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп жаткан учур
Аралыктан окутуудан кийинки абалы
Чынара Көчкөнбаева