61 жаштагы Кочкор айылынын тургуну Саадагүл Садыкова туризм тармагында 26 жылдан бери алектенип келген. Пандемия учурунда туризмдин жаңы булагын табуу, ички туризмди өнүктүрүү боюнча терең иштеп баштаган. Бош убакыт көп болгонунуа байланыштуу өздүк брендди иштеп чыгууну да үйрөндү.
Туризм тармагы менен алектенген Саадагүл Садыкова
«Биздин үй- бүлө туризм тармагында эң алгачкылардан болуп 1996- жылдары баштаганбыз. Эң биринчи официалдуу турист биздин үйгө келген. Ошол кезде, союз тарап, элдердин көбү жумуш орундарын жоготуп, эмне кылабыз деп жүргөндө Кочкор жергесине КША(Кыргыз Швейцария Агропроект) уюму келип, элге аралашып жүрүп, жыйынтыгында Кочкордо туризм жана кол өнөрчүлүктү өнүктүрсө болот экен деген ойго келишип, туризм сервиси боюнча семинарларды уюштуруу иштерин башташкан.
Ошол жылдары мен мугалимдик кесипти аркалап жүргөн кезим болчу, бирок ошого карабастан КША уюштурган курстарга барып жүрдүм. Биринчилерден болуп алгачкы туристтерди үйгө тосуп көрдүм. Чет өлкөлүк туристтерди Хельветас уюму уюштуруп берди. Эң алгачкы туристтерди Сон-Көл жайлоосуна алып барып, кадимки эле жөнөкөй чабандын боз — үйлөрүнө жаткызып, турмушун көрсөтүп, биздин жаратылышты, улуттук тамак-ашыбызды, болгон чыныгы жашообузду көрсөтү менен баштадык. Ал кезде азыркыдай шарттары бар үй деле жок болчу, келген туристтерди өзүбүздүн жаткан бөлмөлөргө жайгаштырып, казанга улуттук тамактарды жасап берип жүрдүк. Бирок ошонусу менен чет элдик жарандарды кызыктырып, биздин өлкөнүн кооз жаратылышы, таза суусу, абасы, тоолору менен кызык болуптур.
Мына ошондон бери көп жыл болду, бул тармакты аркалап жүргөнүмө. Туристтерди тосуунун эң пайдалуу жери, бул кошумча киреше табуу болгону менен, эң негизгиси уулдарымдын кошо аралашып чет тилдерди, башка элдин маданиятын үйрөнүү болду.
Үч уулум кошо биз менен иштешип калды. Улуусу унаасы менен туристтерди ташып, экөө барабар профессионал гид жана котормочулук менен алектенип кетишти. Алар ат, жөө, велотуризм, өрөөндөн өрөөнгө өтүү, белдерди ашуу туризмдерди өздөштүрүп, өзүлөрүнүн жашоосуна, билим алууга тапкан каражатын жумшашты. Чет өлкөлүк конокторго өзүбүздүн каада- салтыбызды, улуттук тамак-ашыбызды, кол- өнөрчүлүктү, үй- бүлөөлүк мамилебизди жана баалуулуктарды көрсөтүүгө көп аракеттерди жасап келем.
Үй тиричилигинде кол менен жасаганбызды көрсөтүүгө,а ар кандай мастер класстарды уюштуруп, туристтерди аралаштырганга басым жасап жүрөм. Мисалы: ала- кийиз жасоодо, жүндү тытып, ар түрдүү оюуларды кийизге түшүрүү аларга абдан кызыктуу болот экен.
Улуттук буюмдардын бурчу
Пандемияга чейин көп адамдарга жумуш орундарын түзгөнгө аракет кылып жүрдүм, үйдө отурган келиндерге кошумча акча табуунун сырларын үйрөтүп, кол өнөрчүлүк менен алектенгенди сунуштадым.
Кочкор айылында пандемияга чейин туризм тармагы гүлдөп турган учуру болгон. Анткени, Кочкордон Чатыр-Көлгө, Суусамыр аркылуу түштүккө карай барууга, Кытайга ашып өтүүгө турлар активдүү жүрүп жаткан. Пандемия башталганда эмне кылам деп отуруп калдым. Анткени биз чет өлкөдөн келген туристтер менен иштешип жүрүп, ички туризм жөнүндө түшүнүк жок экенибизди билдик. Ошол учурда ички туризмди өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууда жол издей баштадым.
Акыры «Башынан башта» долбоору боюнча айылдагы туризм тармагында иштеген инсандарга: онлайн сатуу, интернет дүкөнүн ачуу, сүрөт, видео тартуу боюнча түшүнүгү жок адамдарга сонун онлайн семинарлар уюштурулуп берип, мен дагы түшүнө баштадым.
Эң негизгиси бул интернет аркылуу өзүмдүн колумдан чыккан экологиялык жактан таза буюмдарды сүрөткө тартып же видео аркылуу күйөрмандарга түшүнүк берип, интернет дүкөндөргө жүктөй баштадым. Ошол учурда карантиндик режими болгондуктан, көпчүлүк адамдар үйлөрүнө отуруп калып, чет жакка эс алууга чыга албай, өзүбүздүн кереметтүү жерлерге барууга туура көрүштү.
Ошондуктан биз өзүбүздүн мекендештерибизге ички туризмге кызыктыруу үчүн Кочкор жергесиндеги эс алуучу жерлерди жарнамалап сүрөт, видео аркылуу көрсөтө баштадык. Мисалы, Сон- Көл жайлообузду, «Туз» шахтасын ж.б. Анткени ички туризм үчүн көп мүмкүнчүлүктөр бар экен, ал көп акчаны талап кылбаганы жана тил боюнча тоскоолдук жок болгону.
«Shyrdak travel» конок үйү
Пандемиянын пайдалуу жактары болду деп ойлойм, анткени ошол кезде бош убактым көп болгондуктан ар кандай онлайн курстарды аяктадым, көптөгөн конкурстарга катышууга мүмкүнчүлүк болду. «Барс» программасы боюнча сайт ачуу, конок үйгө ат кою, буклет, визиткаларды жасоону үйрөнүп, өзүбүздүн туристтерди кабыл алуу үйүбүзгө «Шырдак» деген ат койдук.
Азыркы учурда менин негизги максатым бул ата-бабаларыбыздан калган баалуулуктарды кийинки муундарга үйрөтүп калтыруу» — деп өзүнүн кызыктуу маегин аяктады.
Нурия Карымбаева