Тогуз-Торо районунун акими Мирлан Карагулов баш болуп, акимдин орун басары Гүлжамал Султангазиева, аппарат башчысы Табылды Салиманов жана администрация кызматкерлери ковид илдетине каршы эмдөөнүн 3-дозасын алышты
Тогуз-Торо райондун администрация башчысы аким Мирлан Карагулов тургундарга кайрылуу жасады.
«Калктын саламаттыгынын коопсуздугу жана илдеттин мындан ары жайылып кетүүсүнүн алдын алуунун бир гана жолу бул эмдөө алуу. Урматтуу айыл тургундары! Кайдыгер болбой эмдөөдөн өтүңүздөр».
Бүгүнкү күндө район боюнча 1-эмдөө- 65% 2-эмдөө 48% түзүүдө. Ал эми 171 адам 3-дозасын алышты. Бул туурасында Тогуз-Торо районундагы санэпидкөзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Асем Садырова билдирди.
Анара Мааметова