Кочкор айылынын тургуну Саадагүл Садыкова туризм тармагын өнүктүрүүгө өзүнүн зор салымын кошуп келе жаткан айымдардын бири. Ал 1996- жылдан бери айылга келген чет элдик конокторду жылуу тосуп алып, кыргыз элинин меймандостугу, улуттук каада-салтын жана маданиятын таанытууга аракет кылып келет.
Саадагүл Садыкова 30-жылдан бери туризм тармагын кантип өнүктүрүү керек боюнча өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп кетти.

Кочкор айылынын тургуну,» Shurdak» конок үйүнүн ээси Саадагүл Садыкова
«Эң алгачкы өзүмдүн эмгегим бул Кочкор айылынын кооз жаратылышын, улуттук кол өнөрчүлүгүн жана кыргыз элинин салттуу жашоосун чет элдик конокторго таныштыргым келет. Келген коноктор кыргыздын улуттук тамак-аштары менен таанышып, боз үйдүн жасалгаларын көрүп, улуттук үрп-адаттар тууралуу кеңири маалымат алышат. Ал эми туризмди өнүктүрүү үчүн негизги долбоорлор менен иш алып барам.
Биринчиден Кочкор районунда туризм менен алектенген бардык тармактар биригип тур пакеттерди түзүп, фестивалдарды өтөбүз.
Экинчиден жайлоолордогу сервистерди оңдоо максатында атайын стандарттарды иштеп чыгып, ишке ашырабыз.

Андан соң жол маселеси, тазалык, ажатканаларды куруу, жайыттарды туризмге аралаштырбай бөлүү маселесин чечүү керек. Ошондой эле Кочкор жергесинде туризмдин түрлөрүн өнүктүрүү ал агро туризм, гастрономиялык туризм, ден-соолукту чыңдоо, текстилдик туризм ж.б
Аймакта туризмди тартууда эң биринчиден тоо туризмине ылайык турларды ирээтке келтирүү боюнча ат, жөө, велотур, унаа турлардагы сервистердин сапатын жакшыртууда төмөнкүлөргө
көңүл буруу керек.
Гиддерди окутуу, жергиликтүү тарыхый жерлердин маанисин, жаратылыштагы биоартүрдүүлүк, жан-жаныбарлар, маданият жана башка дагы туура, так маалыматты конокторго жеткирүү. аттардын сапатына, жабдыктарына көңүл буруу. веложолдорду уюштурууда жергиликтүү бийлик менен бирге иш алып баруу.
Кыргыздын улуттук маданиятын көргөзүү: Фольклор, шырдак, бүркүт шоуларды жана ат оюндарын уюштуруу. Улуттук тамак-аштардын санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо менен сервисти жакшыртуу иштерин жүргүзүү керек.
Инфраструктураны жакшыртуу иштерин сөзсүз түрдө жергиликтүү бийлик менен бирге ашыруу, бул эң маанилүү жана каражат керек болгондуктан мамлекетке көз карандыбыз. Ошондуктан дистинация кат аркылуу жана жолугушууларда өз сунуштарыбыздарды беребиз.
Мисалы: Сон-Көл көлүнүн жолун тазалап туруу жана айрым жерлерге көпүрө, жаңы жолду куруу, жарыктандыруу, ажаткана маселеси жана башкалар.
Жергиликтүү элди туризмге тартууда ар кандай окууларды өткөрүү керек (ашкана иштери, интернет, сайт жасоо, жарнаманы кантип кылуу) Эң негизгиси чет элдик коноктор менен иштөөдө тил билген жаштарды, студенттерди жана каалоочуларды сезонго гид болуп иштеп берүүгө чакырыктарды таштап турабыз. Тажрыйба алмашуу максатында «стади» турларды уюштуруп турабыз.

Туруктуу туризм болуш үчүн биздин эң биринчи максат бул экологиялык туризмди өнүктүрүү. Дистинация аркылуу чет элдиктерди тоскондорду таштанды маселеси, саркынды сууларды тазалоо технологиясы, энерго эффективдүү жылытуулар боюнча семинар-тренингдерди өтүп турабыз.
Туристтик сезон мурун жайкы мезгилде эле болчу. Кийинки жылдары төрт мезгилде тең Кочкордо өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү бар экен. Ошондуктан жалаң эле чет элдиктер гана эмес, жергиликтүү элди тартууга жарнамалоо жана ошого жараша тур пакеттерди даярдап, фестивалдарды өткөрүп, конок үйлөрдү даярдап, кеңейтүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Быйыл кышкы туризм үчүн «Согум» фестивалын ийгиликтүү өткөрдүк. Буга Нарын облустук жетекчилик жардам берип, блогерлерди, тур фирмаларды чакырып катыштырып беришти. Бул иш-чарада «Ара-Көл» муз аянтчасы, «Чоң Туз» шахтасы, «Күйгөн Суу», музейлер, кол өнөрчүлүк, кышкы тамак-аш, фольклор ж.б сервистер жарнамаланды.

Туризмден түшкөн кирешени көбөйтүүдө эң биринчи сапат маселеси турат. Эгер сапаттуу тейлөө болсо, киреше көбөйөт, ошого жараша баа көтөрүлөт. Нарын жергеси улуттук руху, нукура кыргыз маданиятын алып жүргөн эли, экологиялык таза тамак-ашы, тарыхый жерлери, тили, элинин меймандостугу менен өзгөчөлөнөт. Ушуну сактоо менен конокторду тосуу сапаты өссө, анда кирешенин көбөйүшү турган иш деп сөзүнүн аягына чыкты Саадагүл Садыкова».
Бүгүнкү күндө Саадагүл эженин эмгеги айыл эли тарабынан жогору бааланып, туризм тармагындагы ишмердүүлүгү көпчүлүккө үлгү болуп келет.
Сүрөттөр Садагүл Садыкованын архивинен алынды.
Даярдаган: Нурия Карымбаева