Бүгүн Баетов айыл аймагына 2026-жылы чыгарылган, 20 кубдук «Шумкар» үлгүсүндөгү суу чачуучу атайын автоунаа пайдаланууга берилди.

Атайын техниканы сатып алууга жалпы 5 миллион 44 миң 782 сом жумшалды. Анын ичинен 4 миллион 517 миң 282 сому Ак-Талаа райондук өнүктүрүү фонду тарабынан долбоордун алкагында каржыланса, 527 миң 500 сом жергиликтүү өздүк салым катары бөлүндү.

Жаңы атайын техниканын пайдаланууга берилиши менен Баетов айыл аймагына караштуу айылдардын ички көчөлөрүнө үзгүлтүксүз суу чачуу иштери жүргүзүлөт. Бул көчөлөрдөгү чаңды азайтып, санитардык-гигиеналык абалды жакшыртууга жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.

Ак-Талаа районунун акими Мирлан Камчыбеков коммуналдык кызматтарды жакшыртуу боюнча иштер мындан ары да улантыларын белгиледи:
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан калкка көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтардын сапатын жогорулатуу жана атайын техникалар менен камсыздоону жакшыртуу багытындагы иштер мындан ары да улантыла берет. Жакынкы жылдары «Баетов-Таза аймак» муниципалдык ишканасын керектүү техникалар менен толук камсыздайбыз»-деди.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова