Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинде 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө орто билим тууралуу аттестаттар, ал эми 9-класстын окуучуларына негизги орто билим тууралуу күбөлүктөр салтанаттуу түрдө тапшырылды. Бүтүрүүчүлөргө арналган салтанатка Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Динара Ысамамбетова, мугалимдер, ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр катышты.

Мектеп директору Астра Токтогулова быйылкы окуу жылындагы бүтүрүүчүлөрдүн предметтик олимпиада, ЖРТгы жана спорттогу жараткан ийгиликтерин баса белгилеп, аларга ак жол каалады.

Салтанаттын жүрүшүндө ЖРТда алдыңкы упайларды топтогон 10 окуучунун ата-энесине мектеп жетекчилиги тарабынан ыраазычылык кат тапшырды.

Ал эми ЖРТда математика жана орус тили сабактарынан жогорку упай топтоп, райондо эң мыкты көрсөткүч берген окуучулардын мугалимдери Дүйшөбаева Эльмира жана Бектурганова Айзадага мектептин кесиптик уюмунун төрайымы Замира Абдрахманова Алматы шаарына 3 күндүк эс алууга жолдомо ыйгарды.

Аталган мектепте 11-классты 61 окуучу, 9-классты 78 окуучу аяктады.


Булардын ичинен 4 бүтүрүүчү кызыл аттестатка, 7 окуучу кызыл күбөлүккө татыктуу болушту.




Бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу салтанаты райондогу бардык 18 мектепте өттү.
Белгилей кетсек, 2025-2026-окуу жылында Ак-Талаа району боюнча 11-классты 427, ал эми 9-классты 596 окуучу аяктап жатса, анын ичинен 73 окуучу артыкчылык үлгүсүндөгү аттестаттарга ээ болушту.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова