2026-жылдын 26-июнунда өлкө боюнча 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы жана орто жалпы билим жөнүндө күбөлүк, аттестаттарды тапшыруу аземи өттү. Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы жалпы билим берүү мектебинде быйыл 9-классты 56 окуучу, ал эми 11-классты 32 окуучу аяктады.

Болот Бообек уулу-мектеп директору
Мектептин директору Болот Бообек уулунун айтымында, 11-класстын бүтүрүүчүсү Элдана Калчаева окуудагы мыкты жетишкендиги үчүн кызыл аттестатка ээ болду. Ал эми 9-класстын окуучулары Айзирек Айдаркулова, Арууке Жусупова жана Нурила кызыл күбөлүк менен сыйланышты.
Ошондой эле жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында мектеп боюнча эң жогорку көрсөткүч 162 баллды түзүп, билим сапаты 60 пайызды түздү.

Кызыл аттестаттын ээси Элдана Калчаева
Кызыл аттестаттын ээси Элдана Калчаева жетишкендиги үзүрлүү эмгектин натыйжасы экенин белгиледи:
«Кызыл аттестатка жетүү көп эмгекти жана чыдамкайлыкты талап кылды. Сабактарды үзгүлтүксүз окуп, мугалимдер берген тапшырмаларды өз убагында аткарууга аракет кылдым. Бул ийгилигиме билим берген агай-эжейлеримдин салымы чоң. Аларга терең ыраазычылык билдирем», – деди ал.

11-класстын бүтүрүүчүсү Билал Бактыбеков

Жалпы бүтүрүүчүлөр
Салтанаттуу иш-чарада бүтүрүүчүлөргө аттестат жана күбөлүктөр тапшырылып, мектеп жамааты алардын келечектеги окуу жана эмгек жолуна ийгиликтерди каалады.
Даярдаган: Бакыт Кожокматов